ИНСТИНКТ

ИНСТИНКТ (лат. instinctus — дүүлүгүү, делөөрүү) — 1. психикалык ишмердүүлүктүн формасы, жүрүм-турум тиби. 2. Жаныбарлардын жүрүм-турумундагы тубаса, тукум куучулук мүнөзүндөгү дүүлүгүү формалары. Сырткы дүүлүктүргүчтөрдүн таасири астында аталган формалар дароо эле пайда болот да, жаныбарлардын жүрүм-турумундагы тигил же бул деңгээлдеги жөнөкөй ж-а татаал, аң-сезимдүү ж-а аң-сезимсиз, зарыл ж-а «максаттуу» иш-аракеттерди аныктайт. Мындай иш-аракеттерди аныктаган негизги инстикттер катары азыктануу, тазалануу, көбөйүү, тукумуна камкордук көрүү, пикир алышуу, коргонуу ж-а орун которуштуруу И-терин атоого болот. Жеке индивиддин тажрыйбасынан алынган И-терди түшүндүрүү өтө татаал; алар тубаса мүнөзгө ээ болуу м-н индивиддин өмүр жолунда же күчөп, же начарлап турат. И-тердин келип чыгышы тууралуу көп сандаган гипотезалар бар, бирок, алардын бири да учурдагы илим тарабынан канааттандыраарлык баага арзый элек. Аң-сезимдүү иш-аракеттерден И-тер төмөнкүдөй өзгөчөлүгү м-н айырмаланат: алар белгилүү бир (кадыресе, табигый) шарттарда жаралышат ж-а мааниге ээ болушат; аталган шарттардын кескин өзгөрүшү м-н И-тер дароо жоголушат ж-а максатсыз болуп калышат. Адамдардын И- тери тууралуу маселе ар кандай философиялык ж-а психологиялык мектептердин чегинде ар башкача чечилет. Философиялык аныктамалар б-ча И. деп жүрүм-турумдун 1) аффективдүү, 2) аң-сезимге баш ийбеген, 3) аң-сезимсиз, 4) рефлектордук формалары түшүндүрүлөт. Аталган И-тер адамдын турмушунда кандай роль ойноору тууралуу маселе бүгүнкү күнгө чейин аныктала элек. Аң-сезимдүү ой жүгүртүү ж-а эрк И-тер тарабынан шартталаары аныкталган. И-терди өчүрүү аркылуу адам жаныбарлар дүйнөсүнөн бөлүнүп чыгып, маданияттуу жандыкка айланган.