ИНСТИТУЦИОНАЛИЗМ

ИНСТИТУЦИОНАЛИЗМ (фр. institution, лат. institutum — түзүлүш, орнотуу). 20-к-дын 20-30-жылдарында Францияда М. Ориу, Ж. Ренар тарабынан буржуазиялык саясий илимдин ж-а конституциялык укуктун багыттарынын бири катары калыптанган. И-дин негизги проблематикасы — коомдогу, буржуазиялык коомдогу саясий бийлик. И. «институция» И-дин көз карашы б-ча мамлекет өзүнүн маанилүү мүнөзүнө карабастан, саясий бийликке ээ «институциялардын», ал эми мамлекет тарабынан түзүлгөн укук да коомдогу укуктардын бири гана болуп саналат. Марксчыл философтордун көз карашында мындай жобо буржуазиялык бийликтин башкы куралы болуп саналган капиталисттик мамлекеттин чыныгы ролун жылмалагансыйт. Марксчылдардын пикири б-ча И. буржуазиялык коомду көп сандаган «институциялардын» жыйындысы катары кароо м-н анын «демократизациясын», ал тургай «социализациясын» далилдөөгө далбас урат. Ушуга байланыштуу И. бирин бири тең салмактаган ар кандай (буржуазиялык, жумушчу ж. б.) уюмдардын коллективдүү бийлик жүргүзүүсү түрүндө элестетилген учурдагы буржуазиялык коомдун саясий түзүлүшүн чагылдырган «плюралисттик демократия» деген модалуу буржуазиялык-реформисттик ураандын (Файнер, Стрейчи ж. б.) теориялык негизи болуп эсептелет. И-дин идеялары буржуазиялык коомдогу чиркөө ж-а башка диний уюмдардын маани-маңызын баса көрсөткөн клерикалык, өзгөчө католик адабиятында колдоого ээ болгон.