ИНСТРУМЕНТАЛИЗМ

ИНСТРУМЕНТАЛИЗМ — билимдерди, анын ичинен илимий билимдерди адамдын ишмердүүлүгүнүн негизги куралы деген философиялык көз караш. Адамдын тажрыйбалык ж-а теориялык билимдерин системалаштыруу аркылуу И. дүйнө тууралуу чыныгы теориялык билимдерден куралган философиялык реализмге каршы чыгат. И. илимий билимдердин ж-а чындыктын объективдүүлүгү тууралуу маселени четке кагып, чындык деп прагматизм окуусу сыяктуу адамга пайда ж-а жеңилдик алып келүүчү билимдерди гана түшүнөт. Физикалык теорияларга карата инструменталисттик чечмелөөлөр Беркли, Юм, Мах тарабынан берилген. Мис., Беркли атактуу англиялык физик Ньютондун механикасын кандайдыр бир реалдуу нерсенин илимий сүрөттөсү эмес, эсептөө ж-а прогноз жасоо иш-чараларынын гана инструменти деп атаган. И-дин ар тараптуу концепциясы Д. Дьюи тарабынан иштелип чыккан. И-ди философиялык-методологиялык позиция катары К. Поппер курч сынга алган. Анын пикири б-ча И. илимди максатсыз багытка айландырып, илимий билимдердин прогрессин түшүндүрө албайт, экспликативдик чындыкты дескриптивдүү же реалдуу процесстерге таянган чындыкка каршы коет. Бүгүнкү күндө И. илимдин ж-а социологиянын методологиясы б-ча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө (Н. Решер, Л. Лауден, Б. ван Фрассен) кайрадан жанданууда.