ИНТЕЛЛЕКТ

ИНТЕЛЛЕКТ (лат. intellectus — акыл, эс) — акыл, ой жүгүртүүгө болгон жөндөмдүүлүк, сезим органдары тарабынан кабыл алынган нерселерди билимге айландырган же мурдагы билимди сынга алган ж-а анализдеген акыл-эстин функциялары (салыштыруу, абстракция, түшүнүктөрдү, пикирлерди, ой бүтүмдөрүн ж. б. пайда кылуу). Орто кылымдарда эле эрк интеллектке баш ийеби, же тескерисинче И. эрк тарабынан башкарылабы деген талаш-тартышуу курч маселе коюлган. Биринчи көз карашты Фома Аквинский, ал эми экинчисин Дунс Скот ж-а Уильям Оккам сыяктуу англиялык ойчулдар жакташкан. Бүгүнкү күндө интеллект да, эрк да обьективдүү жагдайлардан көз каранды, ал эми интеллект рухий чөйрөнүн курамына кирүү м-н психикалык чөйрөнүн элементи болуп эсептелген эрктен бир кыйла жогору турат деген түшүнүмдөр үстөмдүк кылат.