ИНТЕНЦИОНАЛДУУЛУК

ИНТЕНЦИОНАЛДУУЛУК (интенциональность) (лат. intentio — умтулуу, тенденция, максат коюу, далалаттануу, ниет) — аң-сезимдин предметтерге, дүйнөгө бурулушу; аң-сезимдин предметтерге маани-маңыз бериши ж-а сезип-туюуларды чечмелеп, түшүндүрүүсү. Схоластикада кеңири пайдаланылган И. термини учурдагы философияга австриялык философ Франц Брентано (1838-1917) тарабынан киргизилген. Брентано үчүн И. имманенттүү предметтүүлүк, о. эле психикалык ж-а физикалык феномендерди айырмалоонун критерийи болуп саналат. Феноменология окуусунун негиздөөчүсү Эдмунд Гуссерль (1859-1938) интенционалдуулукту предметтерге маани-маңыз берүү процесси катары баалаган. И. аң-сезим теориясы м-н феноменологиядагы негиздүү идея болуп саналат. И. деп аң-сезимдин предметтер м-н нерселердин жалпы ж- а идеалдуу маани-маңызын маданияттын негизги структуралык бирдиктери катары түзүүгө болгон жөндөмдүүлүгү аталат. И. дүйнөнү түшүнүүнүн жалпы структуралары м-н тыгыз байланышкан. Алар жеке тажрыйбанын, билимдердин жардамы аркасында гана пайда болушат да, даяр түрдө берилбейт. Ошол себептен интенционалдуулукту предметтерге маани-маңыз берүү, сезим-туюмдарды интерпретациялоо, дүйнө тууралуу ой жүгүртүү процесси деп аташат. И. психиканын предметтик интерпретацияны же маданий мазмунду камтыган бөлүгүн гана мүнөздөйт. Мис., ооруксунууну сезүү И-лукту түзбөйт, анткени ал дүйнөнү маданий түшүнүү маңызына ээ эмес. И. сезимдер маани-маңыз жаратса, И-ка ээ эмес сезимдер мындай маани-маңызды талкалап жок кылышат. Ага мисал катары наркотикалык уулугуу абалындагы сезимдерди атоого болот. Демек, аң-сезимде маданияттагы ирээттүүлүктү, маданий баалуулуктарды жаратууга багыт алган жогорку чөйрө м-н катар эле мындай багытка ээ эмес, ошол себептен маданият үчүн баалуулукка ээ эмес же маданиятты талкалап, жок кылууга жөндөмдүү элементтер да бар.