ИНТЕРПРЕТАЦИЯ

ИНТЕРПРЕТАЦИЯ (лат. interpretatio — чечмелөө, түшүндүрүү) — математикалык логикада, философияда ж- а илимдин методологиясында кандайдыр бир теориядагы элементтерге (формулаларга, символдорго, сүйлөмдөргө ж. б.) берилген маани-маңыздардын, чечмелөөлөрдүн ж-а түшүндүрүүлөрдүн жыйындысы; герменевтикада И. деп тексттерди чечмелөө, алардын маани-маңызын аныктоо же калыбына келтирүү түшүндүрүлөт. Диний ыйык китептерге, ошондой эле байыркы грек философторунун чыгармаларына баяндама, түшүндүрмө берүүнүн доору болуп саналган орто кылымдарда И-лоо өнөрү калыптанган ж-а өнүккөн. 20-к-дын экинчи жарымынан тартып герменевтика теориясына И-га карата структуралык- семиотикалык жоболор каршы чыккан. Эгер герменевтика текстти реалдуу же потенциалдуу окурманга карата маалымат катары И-ласа, структурализм текстти андагы маани-маңыздык элементтердин структуралык шайкештигин анализге тартуунун негизинде И-лайт. И-га карата герменевтикалык ж-а структуралисттик жоболорду бириктирүүгө карата аракеттер Рикер тарабынан жасалган. Рикердин пикири б- ча тексттин маани-маңызын анын структурасын анализдебей туруп түшүнүү мүмкүн эмес, ошол эле учурда герменевтикалык түшүн-дүрмөсүз структуралык анализ жүргүзүүгө болбойт.