КАГАН

КАГАН – орто кылымдарда көпчүлүк түрк элдериндеги мамлекет башчысына берилүүчү наам (титул). К. термини  биринчи жолу кытайлык жылнаамаларда 312-ж. окуяларга байланыштуу эскерилет. IV к. ортосунанан тартып Түрк  кагандыгынын бийлик ээлери да К. наам алышкан. Кийин аварлар, Енисей кыргыздары, печенегдер, хазарлар,  караханиддер ж. б. түркий элдер мамлекет башкаруучуларын К. деп атаган. VIII к. акыры IХ к. чейин Киевдик княздар да  К. титулун пайдаланышып, саясат жактан өздөрүн азар кагандарына тең экендигин көрсөтүүгө аракеттенишкен.  Феодализм доорундагы түрктөр К. терминин «хакан», «хан» түрүндө да пайдаланышкан. Монголдордун жапырыгынан  кийин К. термини «Хан» болуп биротоло өзгөртүлгөн.