«КАЙРА КУРУУ» ЖЫЛДАРЫНДАГЫ ЭКОНОМИКА (1985—1990-жж.)

Өлкөнүн экономикасын кайра куруу башкаруунун экономикалык ыкмаларына өтүү менен башталган. Мунун натыйжасында ишканалардын, айыл чарба өндүрүшүнүн өз алдынчалыгы кеңейтилип, алар өзүн-өзү актоонун, башкаруунун, финансылоонун негизинде толук чарбалык эсепке өтө баштаган. 1986-ж. чарба жүргүзүүнүн бул ыкмасына республикада өнөр жайдын продукциясынын 70 пайызын өндүргөн 125 ишканасы жана бирикмелери өтүшкөн. Аларда Кыргызстандын өнөр жайында эмгектенген жумушчулардын теңинен көбү иштешкен. 1987-ж. баштап кайра куруу республиканын калган ишканаларын, курулушту, транспортту, байланышты, сооданы т. а. эл чарбасынын бардык тармактарын өз кучагына алган.

Кайра куруунун жылдарында өлкөнүн экономикасын радикалдуу түрдө реформалоо жөнүндөгү чечим КПСС БКнын июль (1987-ж.) Пленумунда биринчи жолу кабыл алынган. Бул реформанын максаты адиминистративдик-буйрукчул башкаруудан элдин кызыкчылыгын көздөгөн экономикалык ыкма менен башкарууга биротоло өтүү экендиги жарыяланган. Бирок өлкөнүн өндүрүш каражаттарына карата менчиктин көп түрдүүлүгүнө жол берилген эмес.

Өлкөдө экономиканын төмөндөшүн токтотуп, аны стабилдештирүү үчүн 1987-ж. СССР Жогорку Советинин сессиясында рынок экономикасына өтүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

КПССтин XXVIII съезди жана КПСС БКнын октябрь (1990-ж) Пленуму экономикалык реформаны жүргүзүү, рынок экономикасына өтүү жөнүндө чечим кабыл алган. Бул чечим Кыргызстандын бийлик органдарында да талкууланган. Бирок Кыргызстандын жетекчилери мамлекеттик менчикти жоюп, көп укладдуу экономиканы түзүү маселесине өтүү маселесине өтө этияттык менен мамиле кылууну чечишкен.

Кыргызстанда рынок экономикасына өтүү боюнча Мыйзам 1991-ж. 7-августта кабыл алынып, ал «Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, менчиктештируүнун жана ишкердиктин жалпы башталыштары жөнүндө» деп аталган. Мында ишкердикти күчөтүү максатында мамлекеттик жана коммуналдык ишканаларды арендалык, мамлекеттик акционердик жана коммерциялык коомдорго айландыруунун жолдору аныкталган.

Башкаруунун экономикалык ыкмаларына өтүүнүн натыйжасында жергиликтүү партиялык органдар эл чарбасын башкаруудан четтетиле баштаган. Жетекчилердин эмгек коллективдери тарабынан альтернативдик негизде шайлана башташы менен жергиликтүү партиялык уюмдар экономикалык турмушка кийлигише албай, жөн гана байкоочуларга айланган.

1990-жж. Таш-Көмүр ГЭСи курулуп бүткөн, Шамалды-Сай жана Камбар-Ата ГЭСтери тездик менен курула, Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүчтөрдү жасоочу завод толук кубаттуулук менен иштей баштаган. «Макмал» алтын комбинаты продукция чыгарууга өтүп, Сары-Жаз менен Таласта алтын кендерин казып алуу тездеген.

Экономикалык реформанын жүрүшүндө республикадагы өнөр жай ишканаларынын дээрлик бардыгы өзүн өзү башкарууга жана каржылоого өткөрүлгөн. Башкарууда айкындуулук күчөп, жооптуу жетекчилердин чогулуштары, кеңешмелери кыскарган. Натыйжада эмгектин өндүрүмдүүлүгү жогорулап, 1986-1990-жж. республикада өнөр жай продукцияларын өндүрүү 17,5 пайызга жогорулаган.

1990-жж. Республиканын экономикасынын маанилүү тармагы болгон айыл чарбасын реформалоо үчүн жер, аренда, жерге карата менчик жана жерди пайдалануу жөнүндө мыйзамдар кабыл алынган.

Мурдагы колхоз, совхоздор менен катар эле чарба жүргүзүүнүн түрдүү формаларына, ыкмаларына жол берилген. Дыйкан чарбалары, арендалоо, кооперативдер, бригадалык подряддар мыйзамдаштырылган. Бул чарбалардын бардыгы өздөрүнүн ишмердигин чыныгы чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун тартибинде жүргүзгөн. Продукция өндүрүүдө жана сатууда булардын ортосунда конкуренцияга жол ачылган.

Республиканын айыл чарбасын башкарууну жакшыртуу үчүн мурдагы айыл чарба, жашылча-жемиш, эт жана сүт, тамак-аш, айыл курулуш өңдүү жети министрликтин ордуна Кыргыз ССРинин Мамлекеттик агро-өнөр жай комитети түзүлгөн. 1987-ж. бул комитетте 178 колхоз, 291 совхоз, 43 чарба аралык жана башка айыл чарба ишканалары болгон. Мындан тышкары 6 айыл чарба продуктуларын иштетүүчү ишкана, 104 тамак-аш өнөр жайынын ишканалары, 142 айылдык курулуш уюмдары кирген. Натыйжада айыл чарбасын пландоо, каржылоо жана жетектөө бир колго топтолгон. Мурдагы башкаруу аппаратынын жарымы кыскарган.

Айыл чарбасындагы реформанын натыйжасында колхоздор менен совхоздордун экономикалык абалы бир аз жакшырган. 1986-1989-жж. алардын кирешелери 47 пайызга өскөн, эмгектин рентабелдүүлүгү жогорулаган. Эн башкысы республиканын эли азык-түлүк менен жетиштүү өлчөмдө камсыз болуп турган.

1990-ж. карата айыл чарбасына жумшалган капиталдык салымдар 1008 млн сомду түзгөн. Натыйжада айыл чарбасынын материалдык базасы жакшырган. Сугат иштери кеңейтилген. 1990-ж. айыл чарбасынын бардык түрүндө 1205,2 миң баш ири мүйүздүү мал, 9972,5 миң кой жана эчки, 393,4 миң чочко, 312,6 миң баш жылкы, 13914,5 миң тоок болгон. Бирок малдын башынын көбөйүшү менен жайыттардын түшүмдүүлүгү 1,5-2 эсеге төмөндөп кеткен. Айрым жайыттар жараксыз болуп калган. Малдын продуктуулугу төмөндөгөн.

Дыйканчылык да зкстенсивдүү мүнөздө өнүгүп, көңүл өндүрүлгөн товардын сапатына эмес, анын дүң жыйымына бурулуп калган. Натыйжада өндүрүлгөн продукциянын өзүнө турган наркы жогорулай берген.

1988-ж. Кооперация жөнүндө закон кабыл алынат. Бул боюнча өзүнчө чарба күтүүнү каалагандарга мүмкүнчүлүк ачылат. Дыйкан жана фермер чарбалар түрүндө эксперименттик кооперативдер түзүлө баштаган.

1990-1991-жж. айрым гана демилгелүү адамдар түшүмдүү жерлерди, техникаларды, жеңилдетилген кредиттерди узак мөөнөткө алышып өз алдынча дыйкан, фермер чарбаларын түзүшкөн. 1991-ж. 1-январга карата республикада 4567 дыйкан, фермер чарбалары уюштурулган. Орто эсеп менен ар бир чарбага 4 ири мүйүздүү мал, анын ичинен 2 уй, 143 кой жана эчки, 3 жылкы туура келген. Бирок социалисттик чарба жүргүзүүнүн шартында кооперативдик кыймыл да, дыйкан жана фермер чарбалары да өнүгө алган эмес.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор