КАРАХАНДАР МАМЛЕКЕТИ

Х-ХII кк. Теңир-Тоодогу Карахандар кагандыгы өзүнүн экономикалык күч-кубатынын жана маданиятынын гүлдөп турган мезгилине жеткен. «Кара» деген сөз кыргыздарда орто кылымдардан тартып улуу, баатыр, чон, эбегейсиз күчтүү, күжүрмөн, кайратман ж. б. у. с. маанилерди берип келген. Демек, Карахан Улуу хан, Улуу падыша дегенди билдирет.

«Карахандар» же «караханийлер» термини илимий адабиятка XIX к. орус чыгышты үйрөнүүчүлөрү тарабынан киргизилген жана түрк династиясы үчүн жалпы кабыл алынган термин болуп калган. Династиянын кайсы урууларга таандыгы ушул убакка чейин так аныкталгая эмес. Мамлекетте жетектөөчү ролду карлук бирикмесине киришкен чигил жана йагма түрк уруулары ойношкондугу гана маалым. Түрк кагандары ушул уруулардын төбөлдөрүнөн гана чыккан. Орто кылымдардагы тарыхчы Жамал-ад-Каршы династияиын негиздөөчүсү Сатук-Абд ал-Керим Карахандын (Сатук Карахан) чон атасы, карлук каганы Билге Кул Кадыр хан болгондугун жазган. Эгерде бул далилди негиз кылыд алган болсок, карахандар династиясы карлуктардан келип чыккан деп божомолдоого болот. Сатук Карахан өлөр алдында (955-ж. өлгөн) исламды кабыл алат. Анын уулу Муса исламды мамлекеттик дин катары жарыялаган.

Тарыхый маалыматтарга караганда 960-ж. Теңир-Тоолук 200 мин түтүн түрк тайпалары ислам динин кабылдаган. Ошолордун ичинде Тенир-Тоо, Памир тоолорунун этектеринде, Ысык-Көлдүн жээктеринде, Талас суусунун боюнда жашаган көптөгөн кыргыз уруулары болгон. Профессор 3. Эралиев Карахаидар мамлекетинде жетектөөчү ролду ойногон чигилдер — кыргыз уруусу болгон деп эсептейт.

«Манас» эпосунда Манас баатырдын эң ишенимдүү адамдарынын бири Элтабар баатырдын жөн жайы жөнүндө:

Түп-теги Барскандык чигилдерден,

Таарынып кырктай түтүн эли менеы;

Басыздар тагалары болгондуктав,

Бел тутуп ошолорго көчүп барган.

Эр жүрөк, тик сүйлөгөн ханга, бекке,

Элтабар эр көкүрөк баатыр эле.

Тайманбас баатырдыгы менен гана,

Тең ата жүрөр эле бек, хандарга.

Жортуулга бир аттанып Айкөл менен,

Жазатын жоодон таппай аман келген —

деп айтылат.

Мындаи ары эпосто карылыгы жеткен Элтабар баатыр өлөр алдында түш көрөт. Анда хан Манас өзүнүн хан белгиси эсептелген араб ташы чөгөрүлгөн шакегин уулуң Сарыбагыппса берип кой деп Элтабарга талшырган болот. Бул түштү жакшылыкка жоруган Элтабар баатыр уулу Сарыбагышка керезин айтат:

Каралдым, журт багуучу курактасын,

Көрө бил тууган-туткан элдин камын.

Кем тутуп кеп айтпасын кимдер сага,

Кемитпе өз наркыңды андай чакта.

Өзүнүн бийиктигин сезсе гана,

Өзгөгө кам көрө алат адам анда.

Жер оогон тексизмин деп кемсинбестен,

Жарыгым, элинди тап ушул кезден.

Аталык акыл сөзүм, аманатым,

Аткаргын Сарыбагышым шул айтканым?!

Эгерде эпостогу бул маалыматка таянсак Манастын ишенимдүү баатырларынын бири Элтабар чигилдерден чыккан. Ал эми анын улуу Сарыбагыштан кыргыздын сарыбагыш уруусу тараган болот. XIX к. кыргыздын бугу уруусунун чон манабы Боромбай да казактын улуу окумупггуусу Ч. Валиханов менен жолукканда түпкү тегибиз чигилдер деп айткан. Санжырада бугу, сарыбагыш уруулары бир атадан (Кылжырдан) тараган деп айтылат. Бул айтылгандар тарых илимдеринин доктору 3. Эралиевдин чигилдер кыргыз уруусу болгон деген пикирин ырастайт.

Алгачкы Карахандар, өзүлөрүнүн ээликтерин кецейтүү менен Чыгыш Түркстандын, Борбордук Теңир-Тоонун, ЖетиСуунун жана Фергананын чон бөлүгүн жеңип алышкан. Түндүк Чыгышта карахандар ыамлекетинин чек арасы Балхаш, Ысык-Көл жана Ала-Көл аркылуу Чугучакка чейин өткөн.

Баласагун шаары (Токмок шаарына жакын жердеги Бурананын урандылары) кагандыктын борбор шаары болгон. Экинчи борбор шаар Өзгөн эле.

Орто Азияны жана Хорасанды ээлеп турган Саманиддер династиясынын кризиске дуушар болушу Карахандардын ийгилигине көмөкчү болгон. 990-ж. Харун Бугра хан Баласагындан чыгып, каршылыксыз эле мурдагы Саманиддер карлуктардан тартып алышкан Тараз менен Исфижабды ээлейт. Эки жылдан кийин Саманиддердин борбору Бухараны да алат.

Тарыхчы Утби Наср нбн Алинин аскерлеринин курамына киришкен карахандык түрктөрдүн кебетесин «…беттери жайык, көздөру кичинекей, сакалдары суюк, темир кылыччан, кара кийимчен» деп сүрөттөгөн.

Карахандардын мамлекети энчилерге бөлүнүп, алардын башында баш ийүүнүн татаал системасындагы династиянын өкүлдөрү турчу. Энчилердин чек аралары тез-тез өзгөрүп турган. Энчилердин акимдеринин өз ыонеталарын чыгарууга чейинки чон укуктары болгон. Мындай шарттарда өз ара согуштар менен чыр-чатактар демейдеги эле көрүнүш болуп калган эле. Башынан эле майда энчилердин акимдери Карахандар династиясынын эки бутагынын: Хасан Богра хандын («Хасанилердин») урпактарынын жана Али ибн Сулеймандын («Алилер») урпактарынын айланасында топтошкон.

Карахандардын мамлекети иш жүзүндө башчыларынын өзүнчө наамдары жана баш калаалары бар өз алдынча эки кагандык Чыгыш жана Батыщ кагандыктарга бөлүнгөн. Чыгыш кагандыгынын баш калаасы Баласагын (кийинчерээк Кашкар), Батыштыкы болсо Өзгөн (кийинчерээк Самарканд) болгон.

Тынчтык келишими боюнча эки мамлекеттин ортосундагы чек ара Коженттен тартып Сыр-Дарыяны бойлото өткөн.

 

Чыгыш жана Батыш кагандыктарынын ортосундагы 1070-ж. келишим көптөн берки бөлүнүүнү мыйзаыдаштырган.

XI к. аягы XII к. башында Караханийлердин эки мамлекети тен кризисти баштарынан өткөрүшкөн.

1102-ж. Баласагун менен Таласты ээлеп турган Чыгыш Карахандардын бири Кадыр хан Жебраил Мавераннахрга жортуул жасап Аму-Дарыяга чейин жеткен. Мында ал талкаланып, оелжук султаны Санжар тарабынан өлтүрүлгөн. Натыйжада Карахандар селжуктардын вассалдары болуп калышат, бнрок ички иштерде өз алдьгачалыкты толук сактап калышкан.