КАРАХАНИЙЛЕР

Караханилер кайсы түрк элине таандык экендигин тарыхчылар бизге айтышпайт; бирок бул эл ягма болгон деп ойлоого негиз бар, алардын башкаруучусу Караханилердеги эң эле көндүм болгон Богра-хан титулун алып жүргөн. Мындай болгондо Чүй өрөөнүнө жаңы баскынчылардын кириши бул ирет түштүк тараптан болгон. Караханилер Чүй өрөөнүндө ислам динин тез кабыл алышкан. Бул окуя жөнүндө бизге уламыш кабарлар гана жеткен. Ибн ал-Асирде айтылган бир уламыш боюнча, исламды биринчи болуп Шабук (же Сатук) Кара-хакан алган, анын түшүндө ага асмандан киши түшүп келген жана ага түрк тилинде: «Өзүңдү бул жана келечек дүйнөдө сактоо үчүн исламды кабыл ал», — деп айткан.

 

Рефератты көчүрүү