КАСЫМАЛЫ ЖАНТӨШЕВ

ЖАНТӨШЕВ Касымалы (1904, Түп р-ну – 1968) – Кыргыз эл жазуучусу. Айрым маалыматтарга караганда ал 1922-ж. «Койчу” деген биринчи драмалык чыгармасын жазган. Ж-дин билимге, дүйнөнү  таанып-билүүгө  болгон  өлчөмсүз кызыгуусу ж-а китеп жазууга потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү  анын адегенде эл агартуу системасында иштеп жүргөн чагында чыгарган китептеринен байкоого болот. Мис., «Окуу китеби”, 1 жылдык (1930), «Сабатсыздар  үчүн кыргыз тилинин программасы ж-а окутуу методу” (1931), «Колхозчулар үчүн окуу китеби” (1931), «Мектеп балдарынын тилин өстүрүү жөнүндө” (1932), «Эсепти чыгаруу жолдору жана бөлчөктөр” (1932). Китептеринен көрүнүп тургандай, Ж. тил илими, методика, ал турмак арифметика маселесине чейин кызыккан, өз учуру үчүн пайдалуу эмгектерди да жараткан. Ж. кыргыз драматургия жанрын баштоочулардын ж-а негиздөөчүлөрдүн бири. 1928-ж. «Алым жана Мария”, «Карачач”, 1929-ж.  үч актылуу «Жоголсун байлар” аттуу пьесаларын, 1937-ж. эл чарбасын коллективдештирүүгө  арналган «Дардаш”, «Ким кантти” пьесаларын жазган. Ошол эле учурда Ж-дин прозага карата кызыкчылыгы артат. Адегенде айрым аңгеме, очерктерди жаза коюп жүрөт. «Эки жаш” повестинен (1938) кийин анын проза жанрына болгон маанилүү 82 кадамы башталган. Ушундан тарта Ж. өмүрүнүн акырына чейин «эки тизгинди” бирдей кармап, кыргыз адабиятында эки жанрды  –  прозаны ж-а раматургияны бирдей өздөштүрүп,  өнүктүрүп келген. Жазуучунун элдик турмушка, тарыхый окуяларга жасаган эстетикалык мамилеси анын негизги китеби «Каныбек” романынан көрүнгөн. Биринчи редакциясы б-ча романдын биринчи китеби 1939, экинчи китеби 1941, үчүнчү китеби 1948-ж. жарыкка чыккан. Кийинчерээк автор эл арасына кеңири тарап, атакка ээ болуп кеткен бул чыгармасына кайрадан кайрылып, экинчи редакциясын иштеп чыккан.

Бул редакция б-ча автор мурдагы эки китепти бириктирип биринчи китепке (1957),  үчүнчү  ж-а жаңыдан жазылган төртүнчү китепти бириктирип экинчи китепке (1958) айландырган. 1942-ж. Ж. элдик варианттын негизинде баатырдык «Курманбек” драмасын, ушул эле жылы сов. партизандардын баатырдыгын баяндаган «Өч” пьесасын жазган. Согуштан кийинки жылдары Ж. Т. Сатылгановдун жаркын элесине арналган «Элдик ырчы” драмасын жараткан. 1949-ж. «Тилек”, 1952-ж. «Жалындуу жаштар”, «Хан Теңирлик чабан” (1963), «Менин тагдырым” повесттери жарык көргөн. 1955-ж.

«Ашуу ашкан суу”, 1957-ж. «Мендирман” поэмасы чыккан. Ж. котормочу катары да таанымал. Н. Островскийдин «Болот кантип курчуду” романын, «Сепсиз кыз” пьесасын, бир топ балдар жазуучуларынын чыгармаларын кыргызчалаган. Ж. талыкпай иштеген, изденгич жазуучу болгон. Ал ар түрдүү ж-а бай адабий мурас калтырып кеткен.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ