КАЧКЫНБАЙ АРТЫКБАЕВ

АРТЫКБАЕВ  КАЧКЫНБАЙ (1934-ж. Москва р-ну) Кыргыз Респ. Мамл. сыйл. лауреаты, адабиятчы, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Респ. маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Ал кыргыз адабий илиминин көп сандаган приоритеттүү багыттары б-ча изилдөө иштерин жүргүзүп келет. Ил. макалаларындагы, китептериндеги адабий процесске, көркөм чыгармаларга жүргүзгөн талдоолору, ойлорунун оригиналдуулугу, публицистикалык курчтугу, профессионалдуу жогорку деңгээли көптөгөн ил. талкууларды жүргүзүүгө, олуттуу илимий маселелерди туура чечүүгө, кыргыз адабиятынын тарыхы м-н теориясын ар тараптан тактап, системалоого зор салым кошууда. 1967-ж. «Кыргызстан маданияты” газетасынын №1-санына «Адабиятыбыздын алгачкы башатына көз чаптырсак” деген макаласы жарыяланып, анда адабиятыбыздын тарыхын тээ байыркы мезгилдерден баштоого жетерлик материалдардын бар экендиги маалымдалып, өзгөчө орто кылымдардагы жазма эстеликтерибиз болгон Жусуп Баласагындын «Кутадгу билик”, Махмуд Кашкардын «Диван лугат ат түрк”  өңдүү  адабий мурастарын адабиятыбыздын тарыхына жалтактабай киргизүү  зарыл экендиги тууралуу маселе көтөрүлгөн. Макалада Жеңижок, Эшмамбет, Казыбек, Боогачы, Молдо Нияз өңдүү көптөгөн акындарыбыздын чыгармаларын  үйрөнүү  маселеси да күн тартибине коюлуп, кызуу талкууга алынып, орток адабий мурастар жөнүндөгү  маселе кыйла такталган. А. улуттук поэзиябыздагы салт  ж-а жаңычылдык проблемасына биринчилерден болуп кайрылып, 50-жылдардын аягында бул проблеманын диалектикасы илимий-теориялык планда А. Осмоновдун поэзиясын изилдөө  аркылуу ачып берген. Ал эми 60-жылдары жарыкка чыккан «Изилденүүлөр жана табылгалар” аттуу  монографиясы А. Токомбаевдин поэзиясындагы көркөм чеберчилик маселелерин кыргыз адабият илиминде биринчи болуп, кеңкесири иликтөөгө алган эмгек болуп эсептелет. Бул эмгек толукталып, «Аалы Токомбаев XX кылымдагы кыргыз адабия-тына негиз салуучунун чыгармалык дүйнөсү  жөнүндө” деген ат м-н 2003-ж. кайра басылды. Ошондой эле «Ар түрдүү  издер”, «Сын сапары”, «Акыйкат сабагы”, «Талант сыры”, «Тандалмалар” аттуу адабий изилдөө ж-а сын китептери да жогорку баага татыктуу болгон. Окумуштуунун 1982-ж. чыккан «Кыргыз  совет адабиятынын тарыхы” аттуу окуу китеби ЖОЖдор  үчүн биринчи окуу китеби гана болбостон, мазмундуулугу ж-а илимий деңгээли б-ча да кыргыз адабияттаануу илимине кошулган маанилүү  салым болуп калды. Бул эмгек жаңы материалдар м-н толукталып, 2004-ж. «XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы” деген ат м-н жарыкка чыккан.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ