КИЛЕМ ТОКУУЧУЛУК

«Килемди согуп түр кылган,
Кирген үйүн гүл кылган» (Жеңижок).

Бул — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Түштүк Кыргызстандын эл чыгармачылыгындагы эң сыймыктанар өнөр. Элибизде таандык көркөм мурастардын ичинен бул өткөн кылымдарда эле укмуштуудай тез өнүгүүгө арымдуу мүмкүнчүлүк алган. Өзүнө гана тийиштүү өзгөчөлүгү, кооздугу аркылуу ал Түштүк Кыргызстандын көркөм мурасынын мерчемдүүсү болуп саналат. Андан кыргыз элдик гармониясы, стилдик мүнөздөрү, боектордун түстөрүнүн жалпылыгы даана көрсөтүлгөн.

«Ичкиликтер» деп аталган элдер жердеген Лейлек, Баткен, Кадамжай, Алай, Ноокат жана Тажикстандагы кыргыздарда килемчиликтин өнүгүшүнүн санжыралуу салттары бүгүн да ойдогудай улантылууда. Ал Түштүк Чыгыш, Түндүк Батыш аймактарына акырындап тарала баштаган.

Кыргыздын кызыл калы килеми тууралуу жакшынакай тарыхый маалыматтар бар. Мына ушундай килемдер менен катар (жазылыгы өрмөктөй 80—90 смдей) таңгыч (боз үйдүн керегесинин тышынан тарткыч»), «эшик тышы» (боз үйдүн эшигинин сыртын кооздоо), аяк кап, кайчы кап, күзгү кап, баштык, чавадан, жапсар, туткуч, куржун, уук кап, кереге кап (уук керегенин учтарына кийгизүүчү баштык), жайнамаз, жабык баш, тегирич өңдүү боз үйдүн ички-сырткы жасалгаларынан сырткары ат жабдыктарына тиешелүү көпчүк (көрпөчө ордуна ээр үстүнө жаланкат салынуучу, эни тайкы килемче), тердик, басмайыл, куюш-

кан, көмөлдүрүк сыяктуулар да илгери арбын токулган. Түштүк чеберлери биз санап кеткен мындай түктүү буюмдарды токуу менен бирге муну түксүз (таар) ыкмасында да согушуп, турмуш-тиричиликке ушундай эле наркта жана салтта пайдаланууга укмуштай узданып келишкен.

Килем токуучулук — көркөм кол өнөрчүлүктүн массалык мүнөзүнө эгедер түрү. Мында нагыз чыгармачылыкка караганда бирөөдөн таалим алуу, бирөөгө үйрөтүү, мурдатан берки элдик адаттагы көчөттөрдү түшүрүү басымдуулук кылат. Ошондуктан, килемчиликте оймочуларга, саймачыларга жана зергерлерге салыштырганда ойдон нагыз оюм-чийим түшүрүп, уздун стилин айкын көрсөтүп берүү анча салтка айланган эмес. Чеберлер өзүнчө оюнан оюм-көчөт түшүргөнү менен көрүнбөй, ошол буюмга элдик килем көчөттөрүн аябай аяр бергендиги аркылуу бааланат.

Килем көчөттөрүнө такай уздануу түйшүгү кыз-келиндердин баарына таандык сапаттардан болот. Кыз бала эс тартканы өз себин (биз жогоруда санап кеткен буюмдар) өзүлөрү кармап бүтүрүүсү эбактан бери адатка айланган. Ар бир жаш ынтызар Дүкөн четинде тып отура калып, көкүрөккө жат көчөттү (оюмду) түшүрүүдө түк жаңылбайт.

Башаты эл ичинен келип чыккан көркөм өнөрдү азыр атайын килем токуу цехтерде бүгүн калк мүдөөсүн канааттандырып, кыргыздын кооз килемин көп санда чыгарууда. Мисалы, Ош Бирикмесинин Өзгөндөгү филиалында орточо алганда айына кырк беш, элүү чарчы метр килем чыгууда.

Элдик чеберлердин чоң тобун бириктирген мындай өнөрканалар Лейлекте, Ноокатта райондук турмуш-тиричилик комбинатында бар. Аларда килем токуу узкана иштеп жатат. Мындан дагы аянты ар кандай килем атайын өтүнүч боюнча токутуп алууда.

Азыр килемчиликти мындан ары карай арымдуу өнүктүрүү максатында жарым кылчыктуу агыш-көгүш жүнү жана тегерек куйругу бар «алай» тукумундагы койлордун жаңы тукуму негизделип, анын продуктуулугу артылууда. Ошондой эле килем үчүн жүнү кылчыктуу өздөрү өстүрүшкөн куйруктуу койлорду кыркышат. Килемге кылчык жүндүн жазгы кыркымы жакшы болот. Анткени, кылчык жүн узун келип, түйдүктөөгө, ийиргенге жана чыйратканга, сокконго аябай шартташат.

Улуу Ата Мекендик согуштан кийин өнөрдүн бул түрүн кайрадан колго алуу аракеттери жанданат. Кыргыз килемдери базарларга арбын чыгып, айыл арасына кеңири тарайт. Мурунку чеберлер жаштарга уздук камкордугун үйрөтө баштайт.