КОКОН ХАНДЫГЫНЫН МЕЗГИЛИНДЕГИ КЫРГЫЗСТАНДЫН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК АБАЛЫ

Кокон хандыгынын тушунда кыргыз эли түпкү ата конуштарын ээлеп турган. XIX к. орто ченинде кыргыздардын саны болжол менен 300 мин кишиден ашкан. В. Радловдун эсебине караганда 80 мин түтүн кыргыз болгон. Ал кезде кыргыздар көп сандаган уруу, уруктардан турчу. Уруулардын ортосунда туруктуу, тыгыз экономикалык байланыштар, өз ара бекем биримдик болгон эмес. Ич ара феодалдык чыр-чатактар кыргыз элин алсыратып, бирдиктүү мамлекеттин түзүлүшүнө кедерги болгон жана коңшу өлкөлөрдүн кол салып туруусу үчүн онтойлуу шарт түзгөн.

Кыргызстан Кокон хандыгына карал гурган мезгилде Кыргызстандын түндүгүндө өзгөчө содиалдык катмар манаптар үстөмдүк кылып турган. Белгилүү тарыхчы Б. Жамгырчиновдун пикири боюнча XIX к. башында бийлердин функдиясы толук бойдон манаптардын колуна өткөн. Феодалдык мамилелердин өнүгүшү менен манаптардын бийлнги чындалган. Орус окумуштуусу А. Вышнегорский 1886-ж. «Манап орустун князъ деген даражасына барабар» деп аныктаган. Манапчылык укумдан тукумга өткөн. Натыйжада кыргыз коомунда XVIII—XIX кк. туруктуу аристократтык катмар пайда болгон. П. Кушнер: «Манап — кыргыз турмушун тескөтусу. Уруунун жери ага тиешелуу, Ал башкарат, соттойт, налог чогултат, көчуп-конууну тескейтп, талаш маселелерди чечет, кунөөлуулөрду жазалайт» деп жазган.

Кыргыз коомундагы манапчылык институнда манаптар кадыр-баркы боюнча чоң жана катардагы манаптар болуп бөлүнгөн. Чоң манап бир нече уруулардыя бирикмесиннн же чоң уруунун башында туруп, ага катардагы бир нече манаптар баш ийген. Анын бийлиги мураска өткөн. Булар чынжырлуу манап делип да аталган.

Катардагы манаптар (же чала маналтар) чакан уруунун же чон уруктун башында турган. Манап деген даража алардын өздөрүнө гана ыйгарылган. Чала манап өзүнүн бул даражасын мураска өткөрө алган эмес. Катардагы манаптар чоң манаптын буйругун аткарууга милдеттүү болгон. Эл ичинде манаптардай жашоого, эл башкаруу деңгэалине жетүүгө аракет кылган адамдар да болгон. Аларды эл мыскыл иретинде чолок манаптар деп атап коюшкан.

Кыргыз коомунда байлар өзгөчө социалдык катмарды түзүшкөн. Булардын негизги байлыгы мал болгон. Кыргыз байлары да курдөлдуу бай, ордолуу бай жана сасык бай деп катмарларга бөлүнгөн. Курдөлдүу байлар жеке гана байлыгы менен айырмаланбастал, коомдук турмушка активдүү катышып, эл ичинде чоң кадыр-баркка ээ болушкан. Алар чоң манаптардын кеңешчилери катары эсептелген. Ордолуу байлар чоң манаптардын ордолоруна жакын жашашкан. Көрктүү үйлөрдү курушуп, короо-жай салдырышкан. Көбүнчө соодасатык иштери менен алек болушкан. Сасык байлар болсо негизинен малынын башын көбөйтүү менен алек болушкан. Коомдук турмушка кызыккан эмес. Алар зыкымдыгы, пейлинин тардыры менен айырмаланышкан. Эл аларды жаман көргөн.

Кыргыз аристократтарына баатырлар кирген. Душман менен күрөштө өзгөчө эрдик көрсөткөн күчтүү, эр жүрөк колбапгчы — баатыр деп аталган. Алар карапайым элден же феодалдардан чыккан. Айрым баатырлар кийинчерээк ири феодалдарга айланган. Ормон, Байтик, Шабдан өндүү уруу башчылары, ири маналтар да баатыр деп аталган.

Кыргыз коомун башкарууда а тп ками нерлер да маанилуу роль ойногон. Алар 10-50 түтүнэлди башкарган, манаптын тапшырмасы боюнча налог, чыгым чогулткан.

Кыргыз коомунда калктын негизги массасын букара түзгөн. Алар негизги материалдык байлыкты өндүргөн. Манаптын айткаиын аткарган, алар үчүн барымталарга (жылкы тийүү) барып, кээде чабыштарда курман болгон.

Кыргыз элинин коомдук турмушунда тууган-туушкандык байланыштар, карым-катнаштар, каада-салт, үрп-адаттар маанилүү роль ойногон. Мындай өзгөчөлүктөр букара калктын эмгегин эксплуатациялоого ыңгайлуу шарт түзгөн. Букара калк кедей кембагалдар, жакыр, малай, жатакчы, чайрыкер, мандикерлер деп бөлүнгөн.

Кедей-кембагалдар өз уругу, айылы менен бирге жайлоого чыгып, чогуу кышташчу. Алар убактылуу урунуп турууга байлардан саан уй, майда жандык алышчу. Акысына алардын үй оокатын кылып, малын багышкан. Кыргыз феодалдарынын койчулары, жылкычылары, уйчулары, төөчүлөрү, үй кызматкерлери көбүнчө кедей туугандарынан куралар эле. Ал эми бөлөк уруктан келип жалчы жүрчү жардылар малай аталчу.

Бай-манаптардын эгинин эгип жайлата аны багып, күздө оруп дан бастыргандарды аштыкчы деп коюшкан. Көчмөндүү турмуштан кол үзүп дыйканчылык кылышкандар түндүктө жатакчы, ал эми түштүктө эгинчи деп аталган. Кыргызстандын түштүгүндө чайрыкерлер деп аталган катмар көбөйө баштаган. Чайрыкерлер бөлөк бирөөнүн жеринде анын шаймандары менен эгин эгип, багып өстүрүп, оруп жыйышчу. Алынган кызылдын (түшүмдүн) бир бөлүгү чайрыкердин үлүшүнө тийген. Убактылуу жана күнүмдүк жалчы жүргөндөр мандикерлер деп аталган.

Кокон хандыгы үстөмдүк кылган мезгилде кыргыздар эзүүнүн көптөгөн түрүнө жолуккан. Айрыкча түпггүктөгү кыргыздардын абалы өтө оор болгон. Ал эми Түндүк Кыргызстанда, бөтөнчө тоолуу райондордо кокондуктардын бийлиги анча бекем болгон эмес. Эзүүнүн негизги түрү — жер рентасы катары салык салуу болгон. Алгачкы жылдарда кыргыздар Кокон хандыгына тундүк зекет ар түтүндөн бирден кой, адал зекет малдын 50 башынан бирден баш төлөп турушкан. Негизги салык — зекет болгон. Эгерде XIX к. 30-жж. 100 кой, эчкиден бир баш зекет алынса, 50-жж. 40 баш майда жандыктан (кой-эчки) бирди, 40 жылкыдан бирди, 30 баш кара малдан (уй, топоз) бирди салык катары төлөчү. Эгерде зекет төлөгөн адамдын жылкысы 40тан көп болсо, анда ар бир ашык баш жылкысы үчүн 40 тыйын төлөгөн. Төөсү бар кишиден беш төөгө бир кой алчу. Мал салыгынын өлчөмү тез-тез өзгөрүп турган. Кээ жылдарда малдын жыйырмадан бир бөлүгүн зекет үчүн төлөөгө мажбурлашкан. Дыйканчылыктан хараж салыгы алынып, ал түшүмдүн ондон бир бөлүгүнө барабар болгон. Мөмө-жемиш багы бар багбандар жана жашылча эккендер салыкты акча түрүндө төлөшкөн.

Кыргыздардан аскер салыгын шылтоо кылып мезгил-мезгили менен түтүндөн бирден тилла (алтын акча), бир жылкы же үчтөн кой алышчу. Мындан сырткары Кокон хандыгында көптөгөн салыктын түрлөрү болгон. Кудаяр хандын мезгилинде алык-салыктъга түрлөрү 20дан ашкан.

Чыгыш таануучу А. Кун Кокон хандыгынын соңку мезгилинде алык-салыктардын көбөйүп кетишин айтып, мамлекеттеги мүмкүн болгон бардык кыЙмыл-аракеттерге салык салынып жаткандыгын, жада калса адамдын туулушуна жана өлүмүнө да акча төлөөнөрүн, эми бир гана «дем алганы үчүн абага» салык салынбай калгандыгын белгилеген.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор