КОКОН ӨКҮМДАРЫНЫН БАСКЫНЧЫЛЫК САЯСАТЫ

XVIII к. 60-жж. Ирдана бийдин Ферганадагы ийгиликтүү согуштук аракетинин жана басып алуучулук тышкы саясатынын катыйжасында, кокондуктардын ээлиги кеңейин, күчкубаты артат. Ушундай кырдаалда Кокон улугу кыргыз уруулары менен ынтымагын бузуп, аларды күчтөп багындырууга жана кыргыз жеринин эсебинен өз ээлигин кенейтүүгө күч үрөп киришкен. 1760-ж. Ирдана бий кыргыз-кыпчак уруусуна догун артын, Аман бийди туткунга түшүрөт да узак убакыт аны камакта кармайт. Ошондо Аман бийдин иниси Эмир бий агасын туткундан куткарып алыш үчүн Кокон аскерлери менен кагылышуудан баш тарткан эмес.

Кокон төрөлөрү менен кыргыз бийлеринин ортосундагы мамилелер жылдан жылга курчуй берген. 1762-ж. Ажы бий Кокон улугуна каршы чечкиндүү күрөш баштоого бел байлап, Маматкул, Черикчи жана Темиржан бийлерге кайрылат. Бирок бийлер ынтымакка келбей, Коконго кол салмак түгүл ич ара чатактары менен алек болушат. Кыргыздардын ыйкы-тыйкысын эптүүлүк менен пайдаланып, Ирдана бий 1762-ж. кыргыздарга тиешелүү Өзгөн жана Ош шаарларына жортуул уюштурат. Жортуул учурунда Кокон аскерлерине ичкилик адыгине, монолдор урууларынын улугу Ажы бийдин колу катуу каршылык көрсөткөн. Бир нече жолку салгылашуудан кийин көп жоготууларга дуушар болгон кыргыз жоокерлери тоо таранка чегинет. 1764-ж. Кокондун акими Кожентке жортуулга кеткенде коргоосуз калган Кокон ээлигине Ажы бий капилеттен чабуул коёт. Ал эми Кокон аскерлери орто жолдон кайта тартып, кыргыздарга согуш баштайт. Салгылашуу учурунда кыргыз колу женилип калат. Бирок көп өтпөй Ош аймагы кайрадан кыргыздардын карамагына өтөт. Ошо кезде Ош шаарында 40 үйлүү гана өзбек жашаган.

Кокондук төрөлөр кээде кыргыздарды тынчтык жолу менен өз тарабына тартуу үчүн аларга ар кандай иш берип, наамдаражаларды ыйгарчу, алык-салыктарды жеңилдетчү, жакшы жайыттарды убада кылчу. Натыйжада айрым кыргыз уруулары өз ыктыяры менен хандыктын карамагына өткөн.

Арийне, Түштүк Кыргызстандын көпчүлүк чөлкөмдөрү күч менен баш ийдирилгени талашсыз. Ал эми хан бийлигин каалабаган жана ага каршылык көрсөтүүгө дарманы жетпеген кыргыз уруулары Кыргызстандын түндүгүнө журт которуп кетет. Алсак, Жуңгар хандыгы талкаланып, кыргыз жери ойрот-калмак баскынчыларынын таасиринен биротоло кутулгандан кийин жана кокондуктардын кол салуу коркунучу күч ала баштаганда Анжиян аймагын сарыбагыш урууларынын ич ара чыры, талаш-тартышы күчөп, кыргыздар менен улуу жүз казактарынын чатагы тынбай турганда, кокондук хандар мындай абалды оңой пайдаланган. 1825-ж. Чүйгө Лашкер Кушбеги (кошуун беги же аскер башчы) башчылык кылган аскер жөнөтүп, ички биримдиги жок чүйлүк кыргыздарды басып алган. Душман менен бир нече жолку кагылышта жеңилүүгө дуушар болуп, айбат кылуудан эч майнап чыкпасына көаү жеткен сарыбагыш, солто урууларынын бир бөлүгү хандын бийлигин таанууга аргасыз болот. Ал эми сарыбагыштын экинчи бир бөлүгү баскынчыларга багынып берүүнү каалабай, Атаке бийдин балдарынын жолбашчылыгы астында Ысык-Көл аймагына журт которуп кетет. Чүй өрөөнүнүн түшүмдүү жерлерине кызыккан кокондуктар ошол эле жылы Аламүдүн суусунун жзэгине Бншкек коргоонун куруп, ал жерге аскер бөлүктөрүн калтырат. Көп өтпөй алар көлдүк кыргыздарга элчи жиберип, багынып берүүнү талап кылат, бирок тескери жооп алгандан кийин, Кокон хандыгы 1831-ж. Ысык-Көлгө, Нарынга эки тараптан жортуул уюштурат. Кокон кошуунунун акими Лашкер Кушбеги баш болгон бир бөлүгү Ташкент, Чымкент, Олуя-Ата, Чүй өрөөнү аркылуу Ысык-Көлгө келген, ал эми хандын аскерлеринин экинчи бир бөлүгүн Хак-Кула баштап, алар Ферганадан чыгып Көгарттын белин ашып, Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Кочкорго чейин келип кыргыздарга бүлүк салышкан.

Ошентип, кокондуктардын Тецир-Тооиу аралай чаап оцой эле женишке жетишүүсүнө кыргыздардын бытырандылыгы, уруулар ортосундагы талаш-тартыштар, алардын ынтымагынын жоктугу себеп болгон. Айрым түшүнүгү тайкы, өзүмчүл кыргыз төбөлдөрү өзүнө жакпаган урууну Коконго басып берүүнү көздөгөн. Ал кезде сарыбагыштар менен саяктардын, саяктар менен бугулардын тирешүүсү аябай курчуп турган эле. Алардын чатагын душмандар эптүүлүк менен пайдаланып, аларды бири-бирине тукуруп, жалгыздатып баш ийдирген. Жаны аймактарды бекемдөө үчүн кокондуктар (Бишкек, Токмок, АкСуу, Чалдыбар, Кара-Балта, Мерке, Ат-Башы, Куртка, ТогузТоро, Кочкор, Жумгап, Суусамыр, Тон, Жаргылчак, Тамга, Барскоон, Каракол) чеп коргондорун курган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор