КОКУТОЙ

КОКУТОЙ (уникалдуу япондук улуттук маңыз) Синтоизмдин мифологиясы менен Конфуций окуусунун этикалык  принциптерин өзүнө камтыйт. 1825-ж. Сэйсисой Айдзова өзүнүн «Синрон» («Жаңы теория») деген саясий чыгармасында  аныктама берген. К-го ылайык, Япония күн кудайы Аматреску мурастаган өзгөчө улуттук өз алдынчалыкка ээ. Анын  маңызы бир жагынан «кудайдын тукумдары» болгон, түбөлүк тынымсыз алмашып туруучу императорлордун  династиясы, эл эми экинчи жагынан, Конфуцийдин окуусуна ылайык улууларды сыйлоо, аталык камкордукка  негизделген япондук мораль. Айдзова синтоизмди мамлекеттин жаңы руху деп жарыялап, К. түшүнүгүнө үч түрлүү  маани берген: саясий жагынан – өзгөчө коомдук түзүлүштү билдирет (же императордук бийлик институту»); дин  жагынан мамлекеттин руханий негизин билдирет (өлкөнүн жана династиялардын кудай тарабынан келип чыгышы);  моралдык жагынан – япондуктардын өзгөчө улуттук мүнөзү (салтты ыйык тутуу, аталык камкордук, сыйлоо ж. б.).

К-дун  башкы элементи – император менен япон элинин ортосундагы байланыш жөнүндөгү мистикалык идея. Официалдуу япон  адабиятында ушул байланыштын өзү япон мамлекетинин жана улутунун пайдубалы катары таанылган.