КОЛЛЕКТИВДҮҮ ПИКИР

КОЛЛЕКТИВДҮҮ ПИКИР – уюштурулган топ катары коллективдин кызыкчылыктарын чагылдырган, дал келүүчү көз  караштардын, божомолдоолордун, баалоочулук ой-пикирлердин жыйындысы. К. п. – группалык пикирдин түрү.  Англиялык саясат таануучу Д. Робертсондун ою боюнча ал бир жагынан рационалдык индивидуализм, ал эми экинчи  тарабынан стейтизм менен туура келишпөө үчүн негиз болуп эсептелинет; анда мамлекет же өзүмчүл индивиддин эмес,  түрдүү багыттагы коллективдин кызыкчылыктары эске алынып, өз ара таанылган укуктарга жана милдеттүүлүктөргө,  азчылыктын байлыгына эмес, жалпынын жыргалчылыгына басым жасалат. К. п. – коомдук ой-пикирди түзүүчүлөрдүн  негизгилери: бул планда алар индивиддин психикасын өзүнө баш ийдирген коллективдүү элестетүүлөр жөнүндөгү Э.  Дюркгеймдин идеясына жана коллективдүү психика жөнүндө В. Вундттун идеясына таянган саясий психологдордун  анализинин предмети боло алышат. К. п. – батыш саясат таануучулулары атаган «көпчүлүктүн тираниясы» (Эркиндик  жөнүндөгү эссесиндеги» Ж-Ст. Миллдин сөзү) менен мүнөздөлөт. Бул болсо жалпы кабыл алынгандан айырмаланган ойпикир жана жүрүм-турумга чыдабоого алып келет. Ушундан улам аны баалоодогу бүткүл инстанциялардын  маанилүүлүгү келип чыгат.

 

КОЛЛЕКТИВИЗМ – элдердин коомдук жашоосу жана ишмердүүлүгүнүн принциби; өз ара жардамдашууда жана  жолдоштук шериктештикте көрүнгөн, жеке кызыкчылыктын коомдук кызыкчылыкка аң-сезимдүү баш ийүүсү.