КОЛХОЗДОШТУРУУ ЖАНА КӨЧМӨНДӨРДҮ ОТУРУКТАШТЫРУУ

Жаңы экономикалык саясат 20-жж. көп жылдарга эсептелген саясий стратегия катары кабыл алынган эле. Өлкөнү индустриялаштыруу, айыл чарбасын кооперативдештирүү, элдин материалдык жана маданий деңгээлин көтөрүү пландары да жаңы экономикалык саясаттын принциптеринин негизинде жүргүзүлмөк.

Айыл чарбасын кооперативдештирүүдө мамлекет тарабынан күч колдонулбастан экономикалык ыкмалар аркылуу эволюциялык жол менен өнүктүрүлмөк. Дыйкандар кооперациянын артыкчылыктарын түшүнгөндө гана ага өз ыктыярлары менен бириге башташмак. Жаңы экономикалык саясаттын башталышындагы түзүлгөн кооперациялар бул саясаттын туура экендигин көрсөткөн. Бирок 20-жж. аягында жаңы экономикалык саясаттын алкагында калыптанып калган багыт түп-тамырынан бери өэгөрүүгө дуушар болгон. Өлкөнү индустриялаштыруу эң негизги жана башкы максат катары жарыяланып, эл чарбасынын башка тармактары жалаң гана ошол ыаксатты жүзөгө ашырууга өбөлгө болушу керек деп аныкталган. Индустриялаштырууну дыйкандарды тике жана кыйыр экспроприациялоо аркылуу иппсе ашыруу багыты аяыкталган. Ал үчүн дыйкандарга азык-тулук чагымы кайрадан киргизиле баштаган. Эми дыйкандар өздөрүнүн артыкбаш эгинин зркин сата албай, аны да мамлекетке арзан баада тапшырууга милдеттендирилген. Каршылык кылгандары кулак деп жарыяланып сот жообуна тартылган, эгини конфискациялаяган. Ушул мезгилде кипш жалдап иштеткен өндүрүш ээлерин эзүүчү тап катары жоюу иши мурдагыдан да күч алган.

Эзүүчү таптарды жоюу менен бирге дыйкандарды да кынк эттирбей баш ийдирүү үчүн аларды өндүрүш каражаттарынан ажыратып, менчиктин бардык формаларын мамлекеттин колуна өткөрүү саясаты башталат.

Бул максатты жүзөгө ашыруу үчүн И. Сталин 1929-ж. жайында айыл чарбасын «туташ коллективдештирүүнүн» ураанын жарыялаган. Ошентип, айыл-кыштактарды социалисттик укладга өткөрүү үчүн «Улуу бурулуш» башталган. 1930-ж. 5-январда ВКП(б) Борбордук Комитети «Коллективдештирүунун темпи жана колхоз курулушуна мамлекеттик жардам көреөтүунун чаралары жөнундө» токтом кабыл алган. Анда коллективдештирүүнүн мөөнөтү бекитилген.

Коллектнвдештирүү толук бойдон сталиндик административдик-буйрукчул системасынын жетекчилнги менен жүргүзүлгөн. Республиканын жергиликтүү партиялык жана советтик органдары бул саясатты тезирээк аткаруу үчүн атаандашууга өтүшүп, коллективдештирүүнү мөөнөтүнөн мурда аткарууга аракеттенишкен. 1930-ж. январь-февраль айларында коллективдештирүү өтө тез темп менен жүргүзүлгөн. Натыйжада 1929-ж. дыйкандардын 6,6 проценти гана колхоздорго кирген болсо, 1930-ж. мартында бул көрсөткүч 37,2 процентке жеткен.

Кыргыз айыл-кыштактарында социалисттик курулуштун жүрүшүндө көптөгөн катачылыктар, аша чабуулар орун алган. Дыйкандарды коллективдүү чарбага тартууда ыктыярдуулук принциби бүт бойдон бузулган. Колхозго киргиси келбеген дыйкандар кулакка тартылган, шайлоо укугунан ажыратыл ган.

Коллективдештирүүдө анын төмөнкү формаларын, адегенде ТОЗдорду түзүү андан акырындык менен колхоздорго өтүү принциби да бузулуп, дыйкалдар зордук менен колхоздорго киргизилген. Кыргызстандын дыйкан, малчылары колхозго биригүүгө даяр эместиги эске алынган эмес.

Коллективдеттирүүнүн жүрүшүндөгү зордук-зомбулуктун күчөшү айыл чарбасын, өзгөчө мал чарбасын бүлгүнгө учураткан. Колхозго малын бергиси келбегендер аны союп же сатып жок кыла баштаган. Натыйжада 1930-ж. ири мүйүздүү малдын саны 24,4 процентке, жылкы 18,5, кой-эчки -15,5 процентке азайган. Эгинди конфискациялоонун натыйжасында жазында үрөндүк эгин калбай калган.

1930-ж. мартында И. Сталин «Ийгиликтен баш айлануу” деген макаласында коллективдештирүүнүн жүрүшүндөгү аша чабууларды сынга алган. Бирок коллективдештирүүнүн принциптерин кайрадан карап чыгуу маселеси коюлган эмес. Кийинки жылдарда деле бул иште көптөгөн катачылыктар кетирилген. 1931-ж. ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун чечими боюнча Аламүдүн, Балыкчы, Каракол, Кара-Балта, Киров, Сталин, Чүй райондорунда туташ коллективдештирүү жүргүзүлгөн. Ошентип, дыйкандардын негизги массасы колхоз курулушуна өттү деген жыйынтык чыгарылган. Коллективдештирүү саясатынын жүрүшүндөгү кетирилген катачылыктар 1932-1933-жж. дагы кайталанган. 1932-ж. Кыргызстанда 1522 колхоз түзүлүп, 53 гана ТОЗ уюштурулган. Чындыгында көчмөн чарбалар үчүн кооперациянын ушул экинчи жөнөкөй түрү ТОЗдор ылайыктуу болгон.

1937-ж. баштап ТОЗдор айыл чарба артелдеринин уставына өткөрүлгөн. Ушул жылы дыйкан чарбалардын 89,1 проценти колхоздорго бириккен. Айдоо аянттарынын 97 проценти колхоз-совхоздорго тиешелүү болуп калган. Аларды 53 МТС 4 миңдей тракторлору, 500дөЙ комбайндары менен тейлеген. 1940-ж. дыйкан чарбаларынын 98,9 проценти айыл-чарба артелине колхоздорго кирген. Колхоздор ирилештирилип, бир колхозго 106 кожолук туура келген.

Ошентип, үчүнчү беш жылдыктын Улуу Ата Мекендик согушка чейинки жылдарында Кыргызстаяда айыл чарбасын коллективдештирүү процесси аяктаган.

Кыргызстанда айыл чарбасын коллективдештирүү иши кечмен жана жарым кечмөн чарбаларды отурукташтыруу менен кошо бир мезгилде жүргүзүлгөн. Калкты отурукташтыруу Совет бийлигинин алгачкы жылдарында жүргүзүлгөн жер-суу реформаларынын жүрүшүндө эле башталган. 20-жж. аягында 42 миң чарба отурукташкан. Бирок 30-жж. башында Кыргызстанда дагы 85 миң чарба көчмөы абалда калган. Коллективдештирүүнү ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн аларды отурукташтыруу зарыл эле.

Көчмөи жана жарым көчмөн чарбаларды отурукташтыруу ишине жетекчилик кылуу үчүн Кыргыз АССРинин ЭКСнин алдында отурукташтыруу боюнча комитет, дыйканчылык эл комиссариатында отурукташтыруу сектору, райоидук комитеттер түзүлгөн.

ж. февралдагы партиянын Кыргыз обкомунун II Пленуму 1931-ж. 10 мнң, 1932-ж. 30 миң, 1933-ж. 22 миң, 1934-ж. 23 миң чарбаны отурукташтырууну плаидаган. Көчмөн турмушка кылымдардан бери көнгөн кыргыздарды отурукташтыруу өтө татаал иш эле. Отурукташтырууну жүзөгө ашыруу үчүн союздук, Россиялык бюжеттен көп жылга эсептелген ссудалар берилген. РаЙондорго көп сандагы курулуш материалдары, үй чарбасына керектүү буюмдар, эмеректер келип түшө баштаган.

3931-ж. отурукташтыруу төрт райоядо жүргүзүлгөн. 1932-ж. болсо республиканын 12 райондорунда көчмөндөрдү массалык түрдө отурукташтыруу башталган. Жер-жерлерде турак жай, мектептер, ооруканалар, китепканалар, мал үчүн короо-сарайлар курула баштаган. Ушул эле жылы Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен отурукташууга өтүп жаткан чарбаларга женилдпктер берилген. 1933-ж. 43,4 мин чарба отурукташууга өтүп, 148 айыл-кыштак уюшулган. Отурукташкандар үчүн 2,5 млн гектар айдоо, чөп жана жайыт аянттары бөлүнүп берилген. 4 жылда отурукташтырууга 34 млн сом жумшалган. Көчмөндөрдү отурукташтыруу иши 1937-ж. чейин өтө активдүү жүргүзүлгөн. 1931-1937-жж. аралыгында 78 миң көчмөн жана жарым көчмөн чарба отурукташып, алар 842 колхозго биригишкен. Калган көчмөн чарбаларды отурукташтыруу 1941-ж. чейин жүргүзүлгөи. 1931-1941-жж. аралыгында Кыргызстанда 98 миң көчмөн жана жарым көчмөн чарбалар отурукташтырылып, 300 жаңы кыштактар пайда болгон. Аларды социалдык-экономикалык жактан көтөрүү үчүн 307 млн сом жумшалган. Ал эми 20 жылдын (1918-1937-жж.) ичинде бардыгы болуп 600 миң адамды камтыган 142 миңчарба отурукташкан. Отурукташкан калк үй-жай менен негизинен камсыз болгон.

Кыргыз элинин отурукташкан турмушка толук өтүшү, албетте, прогрессивдүү көрүнүш эле. Мунун натыйжасында Кыргызстанда туруктуу айыл-кыштактар, чарбалык борборлор пайда болгон. Аларда түрдүү агартуу мекемелери, мектептер, турмуш-тиричилик ишканалары курулган. Феодалдык-патриархалдык ан-сезим жаны коомдук идеология менеи алмаша баштаган.

 

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор