КОНСЕНСУС

КОНСЕНСУС (лат. concensus – биримдүүлүк, макулдашуучулук) – ар кандай коомдун мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн жашап  турган тартипке, эрежеге макулдугу. К-ту адегенде О. Кант «гармония» деп түшүндүргөн. Гегель адамдардын биринбири сыйлоо, таануусунун баалуу механизми К. деп, ал коомдун жашоосун камсыз кылат деген. К. нормалдуу коомдун  атрибуту эмес, коомдун мүчөлөрүнүн мүнөздөмөсү катары каралат. К. түшүнүгү – социалдык интеграциянын терең,  элементардык катмары. «Келишим» коому деген түшүнүккө караганда К. эч кандай келишимди нормалабайт. К. ар  кандай мотивдерге таянат да, эң негизгиси акыркы максат үчүн жүрүм-турумун багыттоосу. 50–60-ж.-да К-ту ар кандай  түшүндүрүүгө аракеттер болду. Эң негизгиси коомдун бир пикирге келиши, мында сөзсүз алдыга коюлган жалпы  максатка умтулуудан улам келип чыгат. К. чечимдердин ыктыярдуу компромисстердин, өз ара теңдиктин, ар бир  тараптын кызыкчылыктарын таануунун негизинде кабыл алынуусун өбөлгөлөйт, авторитаризм, диктат, басым  көрсөтүүнү четке кагат. Эл аралык ишмердүүлүктү К. кеңири кабыл алынган. Европадагы коопсуздук жана  кызматташтык боюнча Кеңешмени (Хельсинки, 1975) өткөрүүдө бул метод маанилүү ролду ойногон. Өлкөнүн ички  саясий мамилелеринде К. методу ар түрдүү саясий партиялар, кыймылдар, уюмдар, агымдар тарабынан тигил же бул  талаш маселе боюнча жалпы позицияга жетишүүдө, «граждандык ынтымак», «тегерек стол», саясатын ишке ашырууда  мыйзам чыгаруучу бийлик органдарындагы партиялык фракциялардын өз ара аракеттенишин уюштурууда пайдаланылат.  К. эффективдүү болсун үчүн, ал коомдук турмуштун төмөнкү сфераларында таркатылуусу керек: статусту, престижди  жана жыргалчылыкты аныктоо; социаллык-стратташтыруу жана мобилдүүлүк принциптеринде; чечимдерди кабыл  алуу процессинде. Ушул маанисинде К. өкмөттөн стабилдүүлүгүн, анын легитимдүүлүгүнүн негизи катары каралышы  мүмкүн.

Пикир келишпөөчүлүктөрдө жана алардын ачык конфликтке өтүп кетүүсүн болтурбоо, ал эми, ал болуп калган  учурда — диалог жана тараптардын өз ара эпке келүү жолу менен тынчтык (күч колдонбоо) формасында чечүүнү камсыз  кылуу К-тун коомдогу негизги функциясы болуп эсептелет. К-ту камсыз кылууда дин, этика, жалпы кабыл алынган  социалдык нормалар жана баалуулуктар, салт, үрп-адаттар, жана ошондой эле мамлекет, үй-бүлө сыяктуу институттар  маанилүү ролду ойнойт. Кризистик кырдаалда мына ушуларга кайрылышат. Адамдардын бирикмелеринин көпчүлүгү  үчүн толук К-ке жетишүү кыйын, коомдун стабилдүү өнүгүшү үчүн жетиштүү К. болушу зарыл. К-ке карама-каршы  түшүнүк – «Диссенсус», башкача айтканда, ынтымактын жоктугу.