КОНФЕССИОНАЛДЫК ПАРТИЯЛАР

КОНФЕССИОНАЛДЫК ПАРТИЯЛАР – католицизм, протестантизм жана ислам конфессийлеринин  идеологияларынын базасында түзүлгөн жана аракет кылган партиялар. Бул саясий уюмдар өздөрүнүн теорияларын адам,  анын дүйнөдөгү ээлеген орду жөнүндөгү диндик түшүнүктүрдүн негизинде, азыркы мезгилдеги социологиялык жана  социалдык-экономикалык идеяларды пайдалануу менен иштеп чыгышат. К. п-дын катарына – христиан-демократтык  партиясы (Италия), Христиандык-демократтык союз (1950-ж.) жана Христиандык социалдык союз (1945 ж.), (Германия)  ж. б. кирет.