КОНФУЦИЙ

КОНФУЦИЙ (Кун-цзы, б. з. ч. 551–479 ж.) – байыркы кытай ойчулу, Конфуций окуусунун негиздөөчүсү. Байыркы  Кытай тарыхынын Чжанго доору (б. з. ч. V–Ш к.) кытай философиясынын өнүгүшүнүн «алтын доору» катары  эсептелинет. Бул доордо сөздүн толук маанисинде алганда философиялык окуу калыптанган. Ал окуунун эң  маанилүүлөрү – Конфуций окуусу, даосизм, моизм, легизм ж. б. Конфуций окуусу б. з. ч. VI–V к. пайда болуп, анын  негиздөөчүсү катары К. эсептелет. К-дин балалыгы өзүнүн айтымына караганда кедейчилик менен өткөн, койчу,  кароолчу болуп иштүүгө туура келген. Жашы он бешке келгенде окууга кызыгып, отузунда – өз алдынчалыкка ээ болуп,  кыркында – ишенбөөчүлүк жана шектенүүчүлүктөн бошонуп, элүүсүндө – асмандын эркин туюп, жашы алтымышка  барганда – чындыкты жалгандан айрып билгендн үйрөнгөн. Анын көптөгөн окуучуларынын жыйырма экисинин ысымы  сакталып калган. К-дин негизги көз карашы «Лун-юй» («Ангемелешүүлөр жана ой жүгүртүүлөр») китебинде берилген.  К. өз окуусун ангемелешүү, диалог формасында түзгөн. Кытайдагы сабаттулук жана окумуштуулук түшүнүктөрү К-дин  ысымы менен дайыма байланышта болуп келген. Кытайдын тарыхында алгачкы жолу К. өзүнүн жеке мектебин ачкан. Кдин мектебинде ыймандуулук жана башкаруу маселелерин камтыган практикалык философияга көп көңүл бурулган.

К.  башкы көңүлүн турмуш маселелерине эмес, адамдын Өзүнө жана адам коомуна бурган. К. жана анын окуучулары «Өзгөрүүлөр китеби», «Ырлар китеби», «Уламалар китеби» ж. б. бир катар ыйман адабияттарын түзүшкөн. К. Лун-Юй  («Аңгемелешүүлөр жана сүйлөшүүлөр») чыгармасы ХХ к. чейин кытай мектептериндеги баштапкы билим берүүнүн  негизин түзүп, окуучулар аны жатка билүү-гө тийиш болгон. Мамлекеттик деңгээлде К-ге сыйынуу б. з. ч. 53-ж. баштап  дээрлик 1926-ж. жашап келген.