КОРРУПЦИЯ

КОРРУПЦИЯ – саясат сферасында кызмат адамы тарабынан бийликтин мүмкүнчүлүгүн өз кызыкчылыгына  пайдалануучу, кылмыштуу ишмердүүлүк. К-га мүнөздүү белгилер чиновниктерди, коомдук ишмерлерди «сатып алуу».  Протекционизм – жумушка туугандык, жердешчилик белги боюнча кабыл алуу. Бюрократия өзгөчө катмарга айланган  шартта К. гүлдөйт. К. СССРде партиялык жана мамлекеттик бюрократтык структура ажырап жаткан учурда кеңири  таралган коомдук нраванын көрүнүшү эле. Экономикалык-социалдык теңсиздиктин күчөөсүнүн булагы болуп саналат. К.  менен мафиянын биригип кетүүсү демократтык процесстерге коркунуч туудурат. Экономикалык турмушту  либералдаштыруу рынок экономикасына карата кыймыл, өнөр жай ишканаларын, айыл чарба жана тейлөө объектилерин  ж. б. менчиктештирүү процессинин күч алышы, жеке ишкердик, мыйзамдардын толук эместиги, тууганчылык,  жердешчилик ж. б. Кыргыз Республикасында К-нын өнүгүшү үчүн жаңы шарттарды түздү. Өт-көөл этаптагы  пайдаланган жабык жана ачык «шылуун» жегичтердин экономикалык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүшү  мамлекеттик бийлик кызматкерлерин сатып алуу масштабын кеңейтти. Ар кандай деңгээлдеги бийлик кызматкерлери  менен мафиялык элементтердин биригүүсү байкалууда, алар экономикалык жана саясий чечимдердин кабыл алынышына  таасир этүүгө, керек болсо, бийликти колго алууга аракет кылып жатышат. Бул тенденциялар өлкөлөрдөгү социалдыксаясий абалды оордотуп, кыргыз коомун демократташтыруу процессине коркунуч келтирүүдө.

Биздин чакан өлкөбүз  үчүн бул оор илдет чоң жоготууларга жана көптөгөн кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн. Мына ушундай шарттарда  бийликти бюрократташтыруудан арылтуу боюнча, мамлекеттик чиновниктердин бийликте дайыма отурукташып  алуусуна каршы, аткаруучу бийликтин мыйзам чыгаруучу бийликтен ажырап калуусуна жол бербөө, өкүлчүлүк, аткаруу  жана укук коргоо органдарынын үстүнөн көзөмөлдөөнүн начардыгына жана башкаруу аппараты менен никелер  структурасынын биригип кетишине жол бербөө боюнча иш чаралардын кеңири комплекси зарыл.