КУЛАКТАНДЫРУУ

Кулактандыруу өткөрүлө турган иштер жөнүндө белгилүү уюмдун, топтун,
жамааттын мүчөлөрүнө алдын ала билдирүү же эскертүү үчүн жазылат (кээде
айтылат). Аны окуган (уккан) адамдар көрсөтүлгөн иш-чарага катышууга, талап
кылынган маселе боюнча тийиштүү мамилесин билдирүүгө милдеттүү.
Кулактандыруу илинген күндөн тартып атайын кагазга айланат. Зарыл учурда көрсөтүлгөн же айтылган иш-чарага катышуу-катышпоо жоопкерчилик милдет
катары бааланып, аны аткарбай коюу боюнча доомат коюлушу мүмкүн.
Чакыруу
Чакыруу өткөрүлө турган түрдүү иш-чарага (чогулуш, конференция,
той ж.б) жеке адамдарды, тийиштүү коомчулукту, анын өкүлдөрүн чакырууда
жазылуучу иш кагазы.
Чакырууда өткөрүлө турган иштин мазмуну, максаты айтылып, боло турган
күнү, сааты эскертилет. Керек учурда өткөрүлө турган иштин программасы тиркелет.

 

Үлгү:

Кулактандыруу

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Профсоюздук кеңешинин
отчёттук чогулушу 2011-жылдын 13-майында саат 16:00дө өткөрүлөт. Чогулушка бардык факультеттин окутуучулары жана кызматкерлери катышуусу керек.
Күн тартиби:
1. 2010-2011-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окуу жайдын Профсоюздук
кеңештин төрагасынын отчётун угуу.
2. Жай мезгилиндеги өргүү убагы үчүн эс алуу жайларына жолдомолорду
бөлүштүрүү жөнүндө Профсоюздук кеңешинин мүчөсү А. Жумалиеванын
билдирүүсү.
Жыйналыш башкы имараттагы кичи конференция залында болот.
19. 04. 2011 Ректорат

 

Чакыруу

Урматтуу Самарбек Карымшакович,
Түркология факультетинин «Жаңырык» студенттикадабий ийрими 2011-жылдын 20-декабрында өтүүчү адабий-музыкалык кечеге чакырат. Сизди өзүңүздүн илимпоздук, окутуучулук, чыгармачылык, тарбия берүүчүлүк өмүрүңүздүн кызыктуу жерлеринен айтып берет деген ойдобуз.
Жери: КТМУнун Ч. Айтматов кампусу, Экономика факультети
К. Тыныстанов ат. зал.
Күнү: 20.12.2011-ж.
Башталышы:16:00

Уюштуруу тобу
10.12.2011