КУМАР УУЛУ БАЛЫК

КУМАР  уулу Балык (Бекмурат) (1799–1887, Кетментөбө  өрөөнү) –19-кылымда жашаган легендарлуу улуу манасчы. Атасы эрте  өлүп, энесинин төркүнүн паана тутуп, Таласка көчүп келишет. Жашынан атасыз жетим калгандыктан өмүрүнүн алгачкы учуру оорчулукта  өтүп, көрүнгөндүн жумушун кылып жүрүп, акыры Олуя-Атадагы Кокон бегине малай болот. 1921–25-жылдары Кетментөбө, Талас, Чүй өрөөндөрүн басып алган Кокон хандыгынын жер-жерлерге койгон бектери жергиликтүү элден ар түрдүү чыгымдарды мал түрүндө жыйнап, Коконго жөнөтүп турган. Олуя-Атанын беги бир жолу ошондой салыкка жыйналган койлорду айдап барууга Балыкты жумшайт. Мал айдагандар Кеңколго жеткенде, кеч кирип кетет да, алар Манастын күмбөзүн пааналап түнөп чыгышат. Бул жерде Манас чоролору менен  Балыктын түшүнө  кирип,  өздөрүн айтып жүрүүнү  тапшырат жана  Наманганга чейин минип барууга тору бышты берет. Ырасында эле эртеси күмбөзгө жакын жерде тору бышты жүргөн экен. Жолдошторунун кой дегенине болбой Балык аны кармап алып, минип жолго чыгат. Эл жомокторун, ырларды, «Манасты” 13–14 жашынан тартып айта баштаган. 20 жашка чыкканда чоң  топко ырдап калган Б-ка «Манасты” кадимкидей айтышка бул чоң  демөөр болгон. Наманганга келип  «Манас” айтканда анын кушбегине аябай жагып, жоомарттык менен баалуу сыйлыктарды берип, Таласты бийлеп турган Ажыбек датка, Бүргө  баатырга «Балыкты сый-урматта карагыла” деп кат жазат. Ошону менен Балык Таластагы Ажыбек датка менен жакындашып аброй күтөт.

Балыкооздун манасчылык, ырчылык даңкы жалпы кыргызга жайылганда, Байтик жигиттеринен Балыкка 5 төө жетелетип жиберет. «Мага келгин” деп кат жаздырат. Балык көнүшкөн Таластагы кушчу, саруу элин таштап кетүүгө кыйбай жүрүп, акыры Чүйгө көчөт.

Балык «Манасты” кимден үйрөнгөнү белгисиз. Анын өзү да, «түш көрүп айтып калдым” деп, кимден үйрөнгөнүн айткан эмес. Тоголок Молдонун ага арнаган ырына караганда ал Ноорустан  үйрөнгөн деп болжолдоого болот. Ал эми андан үлгү алгандар абдан көп болгон. Казакча ырдап,  өлөң  формасын  кыргыздарга тараткан кара жаак Жаныш акын да, ырдаган жеринен 9 кара алмайын кетпеген сокур Калча да, казак акындары менен айтышып атак алган Эсенаман, Чоңду, Назар акындар «Манас” айтууну Балыктан  үйрөнүшкөн. С. Орозбаков да жашында Балыкка жолуккан. Ал эми Шапак Рысмендеев Балык Кочкорго көчүп барганда 13–14 жаштагы бала болуп, урукташ тууганы катары (Шапак да чоң  чарык уругунан болот) айылдаш жашап, «Манасын” көп уккан жана  Балык өлгөнчө андан кол үзбөй, алгачкы таалимди андан алган.

Балык «Манастан” тартып, «Эр Төштүк”, «Кан Шырдак”, «Сен Саринжи, мен Бөкөй”, кыпчактардын «Эр Табылды жалгызын”, кытайлардын кыл муруттуу «Кожожашын” айткан эпикалык арымдагы чоң акын, о. эле сөз түйүнүн чечкен санжырачы, айтыш өнөрүнүн устаты болгон.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ