КУН

КУН – бирөө колдуу болуп өлгөн адам үчүн алына турган айып. Алгачкы жамааттык түзүлүштөн Совет бийлигине чейин  мерт тапкан адамдын тарапкерлерине өлтүргөн адамдын уруусу К. төлүп келишкен. К. алуу уруунун парзы катары  адатка айланган. Феодалдык коомдук өнүгүү улам илгерилеген сайын К. алуунун түрү өзгөрүп, маркумдун кунуна  туткун алып, кул-күңгө айландыруу, «тогуздап» берүү сыяктуу жолдор орун алган. К. алуунун таптык тамыры  Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин жоюлган.