КУПА

«Купасы кумган түбүндөй,
Жаактары сары алтын» («Манас»),

Бул — күмүш шөкөттөрүнүн бир түрү. Купа — металлдан тоголок шарча түрүндөгү жасалган кооздук. Ал төрт чарчы да, ортосу томпок, казан көмкөрүк да болот. Зергерлер кара темирге күмүштү жалатуу, жезден калыпка куюу, өгөөлөө аркылуу жасашып, көбүнчө ат жабдыктарына, үйдүн салттуу эмеректерине, көн буюмдарына азем жасалгаларга чабышкан. Купа 2— 2,5 см. болот. «Купа баскан шурусу, Арасында жаркылдап» («Манас»), көркөм шөкөттөрдү «чарбусу» деп да атайт.