КУРМАНБЕК

«Курманбек» — калктын калың катмарына кеңири тараган сүймөнчүктүү баатырдык эпос. Чыгарманын башатында, түзүлүш, калыптаныш тарыхында бир канча айтуучулар катышса да, көпчүлүгүнүн ысмы унутулуп, эл эсинен чыккан. Бизге XIX кылымдан берки Токтогул, Мусулманкул, Шамшы комузчу, Калык, Сарыкунан, М. Каландаров сыяктуу айтуучулардын гана ысмы белгилүү. «Курманбекти» Токтогулдун айткандыгын, өздөрүнүн андан үйрөнгөндүгүн Калык жана анын шакирти Сарыкунандын эскергендигине карабастан, чоң акындын өз оозунан жазылып алынбаган. Ошондуктан жыйынтыктуу ой айтуу кыйын.

 

Рефератты көчүрүү