КУРМАНЖАН ДАТКА

КУРМАНЖАН ДАТКА, К у р м а н- ж а н Маматбай кызы (1811–1907) – алайлык кыргыздардын башкаруучусу. «Алай  канышасы» деген ат менен белгилүү. Оштун аймагын жердеген (азыркы Карасуу, Мады кыштагы) муңгуш уруусунун  баргы уругунан чыккан. Кудалап барган биринчи «күйөөсү» Садиар уулу Кулуну чанып, атасынын төрүндө үч жыл  отурган. 1832-ж. Алайды башкарган Алымбек даткага турмушка чыккан. Алымбек менен 29 жыл жашаган жана анын  акылдашы, жардамчысы, кеңешчиси болгон, беш бала төрөгөн. 1862-ж. анын күйөөсүн Кокон ханынын сарайында  козголоңчулар өлтүргөндөн кийин Алайды башкарууну Курманжан өз колуна алган. 1864-ж. Кокон хандыгына каршы  алайлык кыргыздардын күрөшүн басуу үчүн Ошко келип, Мады чебин каратып алган Бухара эмири Саид Музаффар  Аддин Курманжанга кезигип, алайлык кыргыздарга анын таасири күчтүү экендигин түшүнүп, Курманжанга «датка»  деген мансап наамын ыйгарган. Даанышман аял кыргыз урууларынын ички чыр-чатактарын басып турууга өз үлүшүн  кошкон. Алардын биримдиги аркылуу Кокон хандыгына көз каранды болбоого умтулган. Мындай көз карандысыздыкка  умтулуу орус падышачылыгынын аскерлери Фергана аймагына кирип келгеи маалда да байкалган. 1876-ж. Кокон  хандыгы жоюлгандан кийин Кыргызстандын түштүгүн Россиянын букаралыгына өткөрүү жөнүндө Түркстан генералгубернаторунун койгон талабына каршы болуп, алайлык кыргыздар тоого (Кашкарга чектеш Көксууга) көчүп кетишкен.

Генерал М. Д. Скобелев Ош уездинин начальниги майор Ионовго даткага жолугуп, жарашуу жөнүндө макулдашууну  ташпырган. 1876-ж. К. д. генерал М. Д. Скобелевге кыргыздардын Россияга кошула тургандыгын билдирген.  Колониялык бийлик К. д-га сый-урмат көрсөтүп турган ага «полковник» чини ыйгарылган. К. д. жалпы кыргыз элинин  кызыкчылыгын жактаган. К. д-нын сөөгү Оштогу Сулайман тоосунун этегине Сарымазар көрүстүнүнө коюлган.