КУТАДГУ БИЛИГ

«КУТАДГУ БИЛИГ», «Кут алчу билим» же «Куттуу билик». Теңир тоодогу төрк элдеринин даанышман акыны жана  ойчулу Жусуп Баласагындын 1069–1070-ж. Баласагун шаарында жазган саясий-философиялык дастаны. Анын үч  көчүрмө нускасы белгилүү. Бири 1439-ж. Герат шаарында (азыркы Түндүк Афганстанда) уйгур жазмасы менен  даярдалган (Вена шаарында сакталууда). Экинчиси ХIV к. биринчи жарымында араб жазмасы менен даярдалган Каир  нускасы, булардын эң байыркысы – Наманган (Фергана) нускасы ХП к. аягы ХШ к. башында араб жазмасы менен  көчүрүлгөн. «К. б». азыр бир катар тилдерге (немец, түрк, орус, өзбек, уйгур, англис, кыргыз ж. б.) которулган. «К. бдин» жалпы көлөмү 13444 ыр сабын түзөт, андан тышкары кара сөз түрүндө жазылган чакан кириш сөзү бар, дастанда  өлкөнү кантип башкаруу, кантип туура саясат жүргүзүү керектиги айтылат. Ал өтө бай тарыхый-этно-графиялык,  лингвистикалык, социологиялык ж. б. энциклопедиялык маалыматтарды камтыйт.