КЫРГЫЗДАР

КЫРГЫЗДАР – улут; Кыргыз Республикасынын негизги калкы. К. Орто Азия жана Борбордук Азияда байыртадан бери  маалым түрк элдеринен болуп саналат. К. Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан ж. б. Борбордук Азия мамлекеттеринде,  Кытай (Кызыл-Суу Кыргыз автономия областы), Афганстан, Пакистан, Түркия ж. б. өлкөлөрүндө да жашайт. Тили  боюнча К. түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирет. Динге ишенүүчүлөрү мусулман динин (суннит) тутушат.  Жергиликтүү К. жазмасында жаңы алфавитти (кирилица) (1939-ж.), башка өлкөлөрдөгү К. араб алфавитин колдонушат.  К-ды түзгөн негизги компоненттердин бири б. з. ч. 201-ж. чейинки кытай жылнаамаларында эскертилген байыркы К.  (Гяногунь) болуп саналат. К-дын түпкү тарыхы хуннулар менен динлиндерге байланышкан. Байыркы К. болжол менен  азыркы Монголиянын түндүк-батышында, азыркы Кыргыз-Көл (моңголчо Хирхис-ноор) аймагында жашаган.  Хуннулардын кысымынан биздин замандын алгачкы кылымдарында байыркы К-дын негизги бөлүгү Енисей тарапка  оогон жергиликтүү динлиндери К. өздөрүнө сиңирип алган. VI к. өз алдынча мамлекети – Кыргыз кагандыгы болгон.  840-ж. Борбордук Азиядагы Уйгур кагандыгын талкалаган жана Чыгыш Түркстанга качкан уйгурлардын артынан кууп  келип, Теңир-Тоо аймагына туруп калышкан. К. чыгыштан Теңиртоого кара кытайлардын, наймандардын жана  моңголдордун жортуулу учурунда да оошуп келген. Енисей К-нын айрым бөлүктөрү түштүк-чыгышка да ооп, алардын  бир катары бүгүнкү күндө Түндүк Кытайдагы Фу-Йь уездине өз этникалык ысымын жана тилин сактап, жашап келишет.  ХIV–ХVII к. башына чейин Енисей К-дын чоң тобу (Сибирдин кыргыздары) моңголдордун алтын хандарына,  кийинчерээк ойротторго (калмактар) баш ийип (кээде сөз жүзүндө гана) келишкен. ХVIII к. башында Жунгар хандыгы  аларды талкалап, бир катарын Жунгарияга (Теңиртоонун чыгышында) көчүрүп кеткен соң, Сибирдеги жана Алтайдагы  К. кийинки Саян-Алтайдагы түрк жана моңгол элдерине аралашып кеткен. Монголиядагы К. моңголдоштурууга дуушар  болгон.

ХVI к. башынан К. Теңиртоодо этностук составы татаал өзүнчө эл катары белгилүү. Санжыра боюнча К. 40  уруудан куралган. Ошондуктан алар «кырк уруу угуз» (кыскарып «Кыргуз – кыргыз» болуп өзгөрүп кеткен) деп аталган.  Кыргыз элинин составындагы этнонимдер анын эл болуп калыптанышына байыркы жана орто кылымдарда жашаган  көптөгөн уруулар катышкандыгын далилдейт. К-дын тарыхы негизинен байыркы К. (б. з. ч. Ш к – б. з. ч. V к.), орто  кылымдардагы К. (VI–ХIV к.), кийинки К. (ХV–ХХ к.) болуп үч мезгилге бөлүнөт. К. түштүк Сибирь, Алтай, Борбордук  Азия, Теңиртоо аймактарын мекендеген. Орто кылымдардагы К-га Енисей К-ы (VI к-ХIV к.). Теңиртоо К-ы (IХ–ХIV к.),  Борбордук Азия К-ы (IX–ХIV к.; Манжурия, Моңголия, Алтайдагы К.), Сибир К. (XV–ХVIII к.) кирет. Кийинки К.  Теңиртоо же Алатоодогу К. (ХV–ХX к.), Манжуриядагы Фу-Йү уездинде жашаган К. (XVIII–ХХ к.) Иорданиядагы К.  (ХIХ–ХХ к.) ж. б. кирет.