КЫРГЫЗДАРДЫН БИР БӨЛҮГҮНҮН ОРУСИЯГА ЫК АЛЫШЫ. БУГУ УРУУСУНУН ОРУСИЯГА ЫК АЛЫШЫНЫН СЕБЕПТЕРИ.

XIX к. биринчи чейрегинде бугу уруусу Орусия империясынын Батыш Сибирдеги төрөлөрү менен элчилик алака кылып турган. 40—50-жж. мындай байланыштар андан ары уланган. Орусиялык соодагерлер кыргыз жергесинде ээн-эркин соодасатык иштерин жүргүзүшүп, ал аркылуу Чыгыш Түркстанган каттап турушчу. Кашкар тарапка каттаган соода кербендеринин коопсуздугун камсыз кылуу милдетин кыргыздар өз моюндарына алышкан. Ошол кездеги эң татаал тарыхый кырдаал, коңшу уруулар менен ич ара чыр-чатактын ырбашы, Кокон хандыгынын, казак султандарынын кысымы, Кытай богдыханынын амалкөй аракеттери бугуларды Орусия мамлекетине калканч издеп кайрылууга мажбур кылды.

 

Рефератты көчүрүү