КЫРГЫЗДАРДЫН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АЛАРДЫН ТАРЫХЫНАН АЛГАЧКЫ МААЛЫМАТТАР    

Минусин коргон маданиятынын аякташы менен Енисейлик коомдоштуктардын тарыхый өнүгүшүнүн жаңы этабы башталат. Минусин коргон маданиятынын көрүстөндөрүндө чагылдырылган мүлк жагындагы теңсиздиктин күчөшү, мал чарбачылыгынын өнүгүшү жана колодон куюп, буюм жасоого адистешкен кол өнөрчүлөрдүн бөлүнүп чыгышы, алмашуунун өнүгүшү — мына ушулардын бардыгы уруулук түзүлүштүн негизи болгон жамааттык эмгектин жоюлушуна алып келди. Уруунун ролунун жоюлушу менен бирге, албетте, анын атрибуттары да жок болду.

Рефератты көчүрүү