КЫРГЫЗДАРДЫН VI—IX КЫЛЫМДАРДАГЫ КӨЗ КАРАНДЫ ЭМЕСТИК ҮЧҮН КҮРӨШҮ

Чыгыш түрк кагандарынын мүрзөсү үстүндөгү стеллаларда, Күл-Тегин менен Могилян-хандын эстеликтеринде түрк хандыгын негиздеген Бумын же Тумын кагандын өлүшүнө байланыштуу көңүл айткан уруулардын ичинде кыргыздар да эскерилет263. Бул окуя VI к. алтымышынчы жылдарына, же 553-ж. ченге таандык деп айтса болот. Каганды көмүүгө келгендердин арасында ошол кезде чыгыш түрктөрүнө салык төлөбөгөн, аларга дегеле көз каранды эмес уруулардын өкүлдөрү да болгон.

Рефератты көчүрүү