КЫРГЫЗДАРДЫН XVIII КЫЛЫМДАГЫ ТАРЫХЫ БОЮНЧА БУЛАКТАР  

 XVI— XIX кылымдарда Орто Азия элдеринин тарыхы өтө начар иштелген. Бул мезгилди изилдеп-үйрөнүүдө Ленинград блокадасында курман болгон П. П. Иванов тарабынан көп иштер аткарылган болучу. Ал ушул мезгилдеги өзбектер менен түркмөндөрдүн тарыхы маселелерине баарынан көбүрөөк кызыккан. Казактардын тарыхы тарыхый адабиятта XVII жана кийинки кылымдар боюнча эң сонун баяндалган орус булактары бар болгондуктан бир кыйла дурус чагылдырылган. Бул булактар М. Вяткиндин эмгектеринде кеңири пайдаланылган. Ал эми кыргыздардын көрсөтүлгөн мезгилдеги тарыхы адабиятта таптакыр чагылган эмес.

Рефератты көчүрүү