КЫРГЫЗДЫН АЛГАЧКЫ ТАРЫХЧЫЛАРЫ ЖАНА АГАРТУУЧУЛАРЫ

Кыргызстандын Россияга каратылышынын натыйжасында мурунтан эле ал жакта жашаган мусулман, түрк элдери менен кыргыздардын байланышы күчөгөн. Өзгөчө татарлар менен башкырлар кыргыздарга боор тартып элибиздин маданиятынын өнүгүшүнө, илим изилдөө иштерине түрткү беришип, кыргыздан чыккан чыгармачыл адамдарды колдошуп, эмгектерин басмадан чыгарууга жардамдашышкан.

Алардын бири кыргыздын тунгуч жазгыч тарыхчысы Осмонаалы Сыдык уулу эле. Кыргыздын дагы бир ири тарыхчысы Белек Солтонкелди уулу Солтоноев болгон.

Б. Солтоноевдин кол жазма түрүндө сакталган «Кыргыз-казак тарыхы» («Кызыл Кыргыз тарыхы») эмгеги Кыргызстандын тарыхын изилдөөдө маанилүү булак катары эсептелет. Өз заманы үчүн Б. Солтоноев өтө билимдүү адамдардан болгон. Бир катар ырларды да жазган. Орустун алдыңкы адамдары менен чыгармачыл байланышта болуп, орустун жана дүйнөлүк маданияттын көрүнүктүү ишмерлери жараткан тарыхый, философиялык жана этнографиялык эмгектер менен таанышкан.

Б. Солтоноев кыргыздардын тарыхын таптык көз карашта жазууга аракеттенген. Анын коомду социалдык топторго бөлүп таптар, тап күрөшү жөнүндөгү жазгандары марксизм-ленинизм жөнүидө түшүнүгү болгондугун маалымдайт.

Ал өзүнүн китебинде «Манас» эпосу жана манасчылар, орто кылымдардагы түрк-мусулман маданиятынын көрүнүктүү өкүлү Махмуд Кашгари, кыргыз элинен чыккан легендарлуу ойчулдар Толубай сынчы, Асан кайгы, ойчул акындар Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч жөнүндө маалымат берген.

Анын эмгегинде кыргыздардын байыртадан берки дүйнөгө болгон көз карашынын эволюциясын көрсөтүүгө өзүнчө орун берилип, кыргыздардын астрономиялык, математикалык, коомдук жана жаратылыш жөнүндөгү элдик билимдеринин деңгээли чагылдырылган.

Кыргызстан Россиянын курамына кирген соң кыргыздардын арасында агартуучулук кыймыл жанданган. Ошол мезгилдеги агартуучулардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Ишенаалы Арабаев болгон.

Кыргыз элин агартууда, жалпы эле маданиятын көтөрүүдө Үмөт Молдо Түгөлбай уулунун,Ыбырайым Абдырахмановдун ж. б. эмгектери зор.

Кыргызстан Россиянын курамына кирген соң билим берүү тармагында да бурулуш башталган. Кыргызстанда мектептер сан жагынан өсүп, аларда билим берүүнүн сапаты жакшыра баштаган. Кыргыздар балдарын, башка мусулман дининдеги элдер сыяктуу диний мектептерде, медреселерде окуткан. Ошону менен катар орус бийликтери 1886-ж. баштап «орус-жергиликтүү» мектептерин уюштура баштаган. Аларда диний билимден тышкары орус тили, орус адабияты жана маданияты үйрөтүлгөн. 1883-ж. Ош уездинде 41 мектеп болуп, анда 391 окуучу билим алса, 1914-ж. 229 мектеп иштеп, анда 3,2 миң окуучу (анын ичннде 33 кыз) окуган. Пишпек уездинде 1,3 миң окуучусу бар 59 мектеп, Каракол уездинде 2,3 миң окуучу окуган 128 мектеп иштеген. Мектептерде билим берүү диний сабактар менен гана чектелбестен, эсеп, география, тарых, табият таануу ж. б. сабактарды окутуу күчөгөн. XX к. башынан тартып «жаңы усул» (жадиттик) мектептери арбып, окуучуларга билим берүүдө жаны усулдук ыкмалар киргизилген.

1917-ж. чейин Кыргызстанда Европа тибинде 107 мектеп болуп, аларда 7 миң окуучу (алардын 574 кыргыздар) окуган. Бул мектептерде 216 мугалим эмгектенген. Жаны типтеги мектептер балдардын 4 процентин гана камтыган.

Ушул мезгилде мусулмандык жогорку окуу жайы медресе кескин көбөйгөн. Алсак, 1892-ж. Түштүк Кыргызстанда 7 медресе болсо, 1914-ж. Ош уездинде эле 88 медресе иштеген. Андан билим алгандар муфтий, казы, окутуучу, мектеп мугалими ж. б. кызматтарда иштешкен.

Байлардын жана манаптардын демилгеси менен Түндүк Кыргызстанда да жаңы ыкмада окуткан кыргыз медреселери ачылган. Жети-Өгүздө Кодонтайдан (1905-ж.), Кеминде Шабдандын (1909-ж.), Нарында Касымаалынын (1910-ж.), Кочкордо Канаттын (1912-ж.) медреселери ачылып, балдарга билим берген.

Атайын кесиптик билим берүүчү алгачкы окуу жайлары катары Пишпекте жана Караколдо айыл чарба мектептери ачылган. Мында окуган кыргыз жаштары чарбачылыктын жаңы түрлөрү менен бирге орус тили, эсеп, тарых, физика, ботаника, зоология ж. б. сабактардын негиздери менен таанышкан.

1870-ж. баштап келгин орустардын балдары үчүн секулярдык (граждандык) жана чиркөөлүк баштапкы окуу жайлары ачыла баштаган. 1897-ж. Бишкекте алгачкы прогимназия, 1910-ж. эркек балдар үчүн гимназия ачылган. 1911-ж. Караколдо кыздар үчүн прогимназия иштей баштаган. Бул окуу жайларында аз санда болсо да кыргыздын уул-кыздары окуп бшгам алышкан.

Колониялык мезгилде маданий-агартуу маселелери, китепканалар, гезит, китеп окуй турган жайлар уюштурулуп аларга орусча, татарча, казакча, өзбекче чыккан китептер, журналдар, гезиттер келип турган. 1911-ж. баштап таш басмадан чыккан Молдо Кылычтын, И. Арабаевдин, Осмонаалы Сыдык уулунун ж. б. эмгектери кыргыз эли тарабынан өтө кызыгуу менен жылуу кабыл алынган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор