КЫРГЫЗСТАНДА САЯСИЙ УЮМДАРДЫН ТҮЗҮЛҮШҮ

1917-ж. жазында жана жайында Кыргызстандын калкынын бардык катмарлары саясийтурмушка активдүү тартыла баштаган. Март айында Сүлүктүдө, апрель-июнь айларында Пишпекте, Ошто жана Кызыл-Кыяда социал-демократиялык топтор түзүлгөн.

1917-ж. жайында Пишпекте Абдыкерим Сыдыковдун жетекчилиги астында «Алаш» улуттук партиясынын жергиликтүү бөлүмү түзүлгөн. Бул партия 1917-ж. майда Казакстанда (Оренбург шаарында) түзүлүп, анын башында Алихан Вукейханов менен Ахмет Байтурсынов өңдүү буржуазиялык-демократиялык багыттагы казак интеллигенциясынын өкүлдөрү турган. Буга казак-кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү, демократиялык маанайдагы майда буржуазия, байлар, жумушчулар менен дыйкандардын бир бөлүгү, дин кызматкерлери кирген. Улуттук «Алаш» партиясынын негизги максаты казак жака кыргыз элинин өз алдынча мамлекетин тузуу болгон. Бул партиянын жергиликтүү уюмдарын түзүүгө кыргыз интеллигенттеринен Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Н. Тулин, Д. Сооронбаев, С. Чукин ж. б. активдүү катышышкан. «Алаш» партиясынын уюмдары негизинен Түндүк Кыргызстанда түзүлгөн. Бул партия 1918-ж. жоюлуп, анын прогрессивдүү өкүлдөрү Совет бийлигине кызмат кылган.

Кыргызстандын түштүгүндө болсо өзбек жана кыргыз байларынын жана мусулман дин кызматчыларынын, интеллигенциянын өкүлдөрүн бириктирген «Шуро-и-Ислам» (Ислам кенеши) партиясынын жергиликтүү уюму түзүлүп, бир кыйла таасирге ээ болгон. Партия март айында Ташкентте түзүлүп, буржуазиялык Россиянын курамында Туркстандык улуттук-мусулмандык автономиясын тузүү максатын көздөгөн. Партиянын Кыргызстандагы жергиликтүү уюмун Таш Кудайбергенов жетектеген. Бул уюм «Кокон автономиясы» талкалангандан кийин (1918-ж.) жоюлган.

Кыргызстандын аймагында Социал-Туран партиясынын жергиликтүү уюмдарын түзүү аракети башталган. Ага соода буржуазиясы, мугалимдер жана окуучулар, котормочулар мүчө болушуп, партиянын өз алдынча бирдиктүү турк мамлекетин тузуу максатын колдошкон. Партияга толук уюштурула элек кезинде эле контр-революциячыл уюм катары тыюу салынган.

Ушул эле мезгилде карапайым калктын, эмгекчилердин түпкү кызыкчылыгын көздөгөн союздар да түзүлө баштаган. Алсак, 1917-ж. май айында Пишпек уездиндеги кедей жана орто дыйкандарды бириктирген демократиялык уюм «Букара» союзу түзүлгөн.

Булардан тышкары Кыргызстанда ар түрдүү адистиктеги жумушчуларды бириктирген союздар түзүлгөн. 1917-ж. жазында Пишпекте Чүй сугат тармагынын жумушчуларын, курулушта иштегендерди, кийим тигүүчүлөрдү бириктирген Жумушчулар жана кол өнөрчүлөр союзу, Кызыл-Кыя менен Сүлүктүдө Жумушчу кенчилердин союзу, кедей-кембагалдардын ири уюму Жумушчулар менен чайрыкерлердин союзу түзүлгөн.

Күз айларынан баштап Петроградда боло турган Советтердин Бүткүл Россиялык II съездине карата даярдыктар көрүлүп, Сүлүктү Советинин төрагасы Д. Деканов жумушчулардын, А. Фролов солдаттардын атынан Советтердин Самарканд областтык конференциясында съездге делегат болуп шайланышкан. Алар шайлоочулардан бардык бийликти пролетариаттын колуна бериши, помещиктик жана жеке менчик жерлерди конфискациялоо» өндүрүштүн устүнөн жумушчу контролун түзүү жана коомдук-саясий турмушту демократташтыруу жөнүндө наказдарды алышат.

Жыйынтыктап айтканда, Россиядагы буржуазиялык-демократиялык революция анда жашаган бардык элдердин тарыхывдагы маанилүү окуя болгон. Бул революция падышачылык жеке бийликти жоюп, республикалык түзүлүшкө жол ачкан. Бирок бир катар объективдүү жана субъективдүү шарттарга байланыштуу революция өзүнүн негизги максатына жеткен эмес. Тынчтык, жер жана улут маселелери чечилбей, Россиянын борборунда Кош бийлик, ал эми Кыргызстанда Үч бийлик орногон. Көп өтпөй, жергиликтүү калктын саясий жактан баёлугунун, большевиктердин таасиринин начарлыгынын натыйжасында бул жакта түзүлгөн Советтер жана кыргыз улуттук комитеттери бийликти Убактылуу өкмөткө өткөрүп беришкен.

Убактылуу өкмөттүн элге каршы саясаты, дүйнөлүк согуштун күчөшү өлкөдөгү кризистик абалды терендетип, коомдун таптык жана саясий жиктелүүсүн, массанын активдүүлүгүн күчөткөн. Натыйжада Кыргызстанда да калктын бардык катмарларынын саясатка тартылышы күч алган, Кыргызстанда буржуазиялык, социал-демократиялык, улуттук-патриоттук жана улутчул мүнөздөгү саясий партиялар, уюмдар түзүлүп, калктын революциялык кыймылдарына жетекчилик жүргүзө башташкан. Массанын ичинде большевиктер партиясынын таасири күч алган.

 

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор