КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАГЫНДА БИЗДИН ЗАМАНДЫН IХ-Х КЫЛЫМДАРЫНДАГЫ ФЕОДАЛДЫК МАМИЛЕЛЕРДИН ТҮЗҮЛҮШҮ        

Кыргызстандын IX—X кк. саясый тарыхы дээрлик таптакыр белгисиз. 766-ж. карлуктар Чүй өрөөнүн басып алып, өлкөнүн толук бийликтүү кожоюну болуп калганда мында мурдагыдай эле көп сандаган көчмөн түрк калкы жана иран тилдүү калктын согдулук оторлору бар болучу. Кытайлар да, ошондой эле сириялыктар-христиандар да бар болушу мүмкүн. 751-ж. арап аскерлери кытай аскерлерин жеңгенден кийин Жети-Суу урууларынын саясый багытынын жаңы доору жана бардык учурларда батыш таасирлеринин алда канча жаңы маданий толкуну башталат.

Рефератты көчүрүү