КЫРГЫЗСТАНДЫН ОРТО КЫЛЫМДАРДАН КАЛГАН АРХИТЕКТУРАЛЫК ЭСТЕЛИКТЕРИ

Орто кылымдардагы курулуш өнөрүнүн эң көрүнүктүү эстеликтеринин бири — Өзгөн мунарасы. Ал бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон Өзгөн архитектуралык комплексине кирет.

XI к. акырында курулган бул мунара ошол кездеги архитектуранын жетилген үлгүсү болуу менен жакшы сакталган калыбында бизге чейин келип жетти.

Мунаралардын (мунара араб тилинде: жарык берчү жер, маяк деген мааниде) пайда болушу Жакынкы жана Ортонку Чыгышка исламдын тарашына байланыштуу.

Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө курулган мунараларда адегенде толгонмо тепкичтер (пандус) курулуштун сыртынан өткөн. Бирок IX к. баштап толгонмо тепкичтер мунаралардын ичине курула баштайт. Орто Азиядагы бардык белгилүү мунаралардын толгонмо тепкичтери ичине жасалган.

Орто кылымдык тарыхчы Наршахинин жазганы боюнча мунаралар адегенде чийки кыштан (кирпичтен) тургузулуп, төбөсү жыгачтан жасалган чатырча менен бүтүрүлгөн. X к. баштал чийки кыштан тургузулган мунараларды бышкан кирпич менен каптай башташкан. Кийинчерээк айрым мунаралар бүт бойдон бышкан кирпичтен тургузула баштаган. Буга мүнөздүү мисал катары биздин күнгө чейин сакталып жеткен Токмоктун түштүк жагында 13 км жерде жайгашкан Бурана шаарчасындагы Бураиа мунарасы кирет. Бул мунара бышырылган кирпичтен тургузулган. Анын цоколунда (негизинде) устундар жаткырылган. Бурана мунарасынын ичинде толгонуп чыгуучу кирпич тепкичтер бузулбас үчүн үстүнө тактай төшөлгөн.

Бурана мунарасы да, Өзгөн мунарасы да карахандардын (Х-ХП кк.) дооруна туура келет. Эки мунаранын тургузулган мезгнлдеринин айырмасы 100 жылга жакын. Өзгөндөгү мунара ушул өңдүү бышкан кирпичтен тургузулган курулуштардын мурунку бай тажрыйбасынын негизинде түзүлгөн.

Башкача айтканда, Бурана мунарасы карахандык архитектуранын алгачкы кадамдарьгнын бири болсо, ал эми Өзгөн мунарасы анын жетилүү курагынын башталышы десек болот.

X к. чейин колдо бар маалыматтарга караганда мунаралар анча бийик курулган эмес, бирок Бурана мунарасы болжол менен эсептегенде 40 м чейин жеткен, ал эми Өзгөн мунарасынын бийиктиги ошол кезде 44,7 м болгон. Бизге белгилүү эки мунаранын тагдыр жолу бирдей десек болот. Бурана жана Өзгөн мунараларынын башы жер титиреген кезде урал түшкөн. Азыр Бурананын бийиктиги 24 м. Өзгөн мунарасынын бийиктиги 27,4 м барабар келет.

Айтылгандарды корутундулап келип Өзгөн мунарасынын орнаменттик мотивдери өзүнүн көркөмдүк жана техникалык ыкмалары боюнча Бурана мунарасындагыга караганда бир топ жогорку деңгээлде жасалган деген жыйынтык чыгарууга болот.

Ушуга чейин сакталып калган Бурана мунарасы, Өзгөндөгү архитектуралык комНлекс, Шах-Фазиль мавзолейи жана Манас күмбөзү сыяктуу курулуш эстеликтеринин ичинен ‘ГашРабат кербен сарайына өзгөчө орун таандык. Кыргызстандын аймагындагы бул курулуш Орто Азиянын орто кылымдарда өнүккөн борборлорунан алда канча алыс жайгашкан.

Таш-Рабат Кошой-Коргон шаарынын (орто кылымдардагы Атбаш шаары) урандыпарынын туштүгүквн 70 ш жерден орун апган. Ал ТашРабат суүсукун жээгиндө (Кара-Коюк суусунун оң куймасы) Ат-Башы кырка тоолорунун бир чоң капчыгайында турат.

Курулушу дээрлик чарчы келип, узундугу 34,8 м, туурасы 32,4 м. Эстеликтин төрт тарабы дүйнө багытын каратыл салынган. Маңдайкы бети чыгышты карайт. Имарат тоо бетиндеги жасалма аянтка курулган. Фундаментм уюлма топурак катмарга кирип турат, тереңдиги 0,2-2 м. Бүт бет маңдэйын. дарбаза-эшик түркуктөрун кыдырата таш твктирче өтөт, анын туурасы 0,65-0,85 м, бийиктиги 0,6-0,8 м. Чоң коридорунун эки четинде, ортоңку эалынын төрт дубалын кыдырата, ошондой эле башка имараттары менен коридорлорунун бир топ жеринде да таш тектирче бар. Чоң коридору менен залынын астына жаллак жука таш төшөлген, калган имараттары менен коридорлорунун асты жер. Бөлмөлөрдун планы жана өлчөмү мурдагы аеторлордун эмгектеринөн белгилүү болгон маалыматтардан башкачараак. Бул жагынан 9-бөлмө бөтөнчөлөнүп турат. Ал тегөрөк чатырлуу имарат, 20-бөлмө чоңураак, ага ортоңку эалдан 19-бөпмөнү аралап кирөт. Эстеликтин планы менен өлчемүндөгү ушундай туура келбестиктер анын башка белүктерүне да мүнөздүү.

Залынын астынан, 23жана 27-белмелөрден чопо толтурулган ороолор табылган. 27-бөлмедөгү ороо сүйрөлжүн, анын диаметри 0,9 м, жана тереңдиги 2,7 м. 23-белмөдөгү ороонун терөңдиги 4,2 м, диаметри 1,2 м, бирок али түбүнө чейин таэаланыл бүтө элек. Ушул элө имаратта елчемү 0,95×0,83 көлген чарчы тешиктуү жертөле бар.

Залдын ортосунда (18-бөлме) терең ор эындан бар. Ал ортосу тешик, кеминде он киши көтөрөтурган чарчы жалпак таш менен жабылган.

Археологиялык эстеликтердин ичинен өзүнүн чоңдугу жана монументалдуулугу жагынан Кошой-Коргон айырмаланып турат. Ал азыркы райондун борбору Ат-Башынын батышын карай 8 км алыстыкта Кара-Суу айылына жакын жерде жайгашкан. Шаардын урандыларынын чон-чоң калдыктары анын душман өтө алгыс бекем чеп болгондугун элестетип турат.

Кыргыз элинин уламыштары бул шаарды Манастын атактуу насаатчыларынын бири Кошой балбандын ысмы менен байланыштырат. Алардын бнринде Кошой ушул жерге өзүнүн мүлкүн көмгөн экен делинсе, башка бир вариантында анын сырткы баскынчылар менен күрөшкөн мезгилиндеги курдурган чеби экен деп айтылат. Бирок шаардын тарыхынын Кошойго тиешеси жок.

Кошой-Коргон Ат-Башы өрөөнүнүн борборунан орун алган. Жер шартына жараша стратегиялык ыктуу жайгашып, байыркы учурда ушул жер мөнен өткен соода жолун жана бүткүл өрөөндү тескеп турган.

Шаар 245-250 м келгөн төрт бурчтук форманы ээлөп жатат. Сакталып калган дубалдарынын бийиктиги 4-8 м. Алардын периметри боюнча 60 сепил байкалып турат: түндүгүндө 19, түштүгүндө 13, чыгышында 17 жана батыш жагында 11. Дубалдары, ошондой элө сөпилдери чоң-чоң толурак блоктордон жана узун кыштан салынган. Дубалдын түп жагынан калыңдыгы 7-9 м, улам жогору жагы ичкерип, 8 метрге жеткеи жердөги калыңдыгы 3-4 м болот. Дубалдарынын жана сепилдөрдин айрым жерперинде кийинки рөмонт иштеринин издөри жана жоон жыгачтардын калдыктары сакталып калган. Алар курулуш матөриалдары катары пайдаланылса керек. Коргонуу курулуштарынын монументалдуулугу согуш коркунучу болгон кезде шаардын элин ишенимдуү калкалап турган. Шаардын бардык тарабында 12 м алыстыкта дубалдары курган кездеги топурак алгандан кийин калган чуңкурлар жатат. Коргондун ар бир тарабында да бирдөн, төрт эшиги болгон. Алгачкы учурда шаарга кирө турган бир гана эшик болгон деп болжоого болот. Кийинчерээк анын калган дубалдарынан да эшиктер ачылган. А. Н. Бернштам чыгыш жана батыш жагындагы дарбазалар 1375-ж. Амир Темирдин шаарга келген учурунда пайда болгон деп эсөптейт. Анын пикири боюнча ошол элө мөзгилде шаар чыгыш жана түштүк жагынан бир катар аянтты алган кошумча дубал менен бекемдөлген. Тилекке каршы, айыл чарба жумуштарына байланыштуу бул дубалдар биэдин кундөрдө бүт бойдон бузулган.

Шаарды казып көргөн кездв курулуштардын калдыктары табылды, алардын дубалдары кыш менен салынган, таманына толурак жана жалпакташтар төшөлгөн. Үйдүн ичинде очоктун издери сакталган. Бир бөлмөнүн керөгөсинин шыбагында көк, кызыл, ак жана сары боёк менен жүргүзүлген оймо-чийменин издөри бар.

Шах-Фазил кумбөзү Кыргызстандын аёмагындагы XIXIV кк. таандык архитектура эстелиги. Ала-Бука районундагы Гүлстан кыштагында жайгашкан. Күмбөз төрт чарчы формада, бышкая кыштан тургузулган. Дубалынын калыцдыгы 163-167 см бийиктиги 15,37 м. Күмбөздүн түндүк жагында 3 эшиги, батыш жагында кичирээк бир эшиги бар, терезеси жок. Күмбөзүнүн ичн оймо-чиймелер менен кооздолгон. Шыбына (потологу) фарсыча жана арабча сөздөр жазылган. Күмбөзгө Караханийлер мамлекетинин башкаруучуларынын биринин сөөгү коюлган. Күмбөздүн түндүк жагында короосу бар, батыш жагы анча бийик эмес дубал менен курчалган, ал эми тегерегинде орто кылымдарга таандык арабча, фарсыча жазуусу бар бейиттер сакталган.

Шырдакбектин чеби Х-ХИ кк. таандык сепил. Ак-Талаа райо-нундагы Чолок-Кайын кыштагынын түндүгүндө, Алабуга суусунун жээгинен орун алган. Чеп чарчы түрдө салынып, түштүк тараптагы дубалынын узундугу 117 м. Сактальга калган дубалдарынын бийиктиги 6 малар баксадан жасалган. Чептин дубалдарында, бурчтарында жана эшиктеринин туштарында мунаралары болгон. Эшиктери түштүктү жана батышты карайт. Мунаралардын бооруна жаа атуу үчүн тешиктер жасалган. Чепти айланта туурасы 20 м келген арык казылган. Учурунда ага суу толтурулган.

Кыргызстандын архитектуралык эстеликтери аз санда болгону менен алардын тарыхый, таанып-билүүчүлүк мааниси өтө зор. Эстеликтер мамлекет тарабынан коргоого алынган. Алардын сакталышына жалпы эл да көз салышы керек.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор