КЫРГЫЗСТАНДЫ ИЛИМИЙ ЖАКТАН ИЗИЛДӨӨНҮН БАШТАЛЫШЫ

XIX к. экинчи жарымы XX к. башы Кыргызстан үчүн илимий жакы ачылыштардын доору болгон. Россия империясы менен Улуу Британиянын Кыргызстан үчүн атаандашуусунун натыйжасында орус өкмөтү бул аймакты изилдөө үчүн каражатты көбүрөөк бөлгөн. Натыйжада Россиялык бир катар илимий мекемелер өздөрүнүн окумуштууларын этнографтарды, тарыхчыларды, географтарды, тоо инженерлерин ж. б. адистерди атайын аскердик экспедициялар менен жөнөтүп турган.

Бул экспедициялар биринчи кезекте аскердик чалгын иштерин жүзөгө ашырышкан. Алардын катарындагы окумуштуулар өздөрү изилдеген тармактары боюнча маалыматтарды топтошуп, илим изилдөө иштерин жүргүзүшкөн.

Борбордук Азияны изилдөөдө илимге көөнөргүс салымын кошкондордун бири Шокан (Чокон) Чынгызович Валиханов болгон. Анын илимий маалыматтары Кыргызстандын географиясын, фольклорун, кыргыз элинин тарыхын, эпосторун изилдөөдө чон мааниге ээ.

Теңир-Тоону, анын ичинде Ысык-Көл өрөөнүн изилдөөгө чон салым кошкон П. П. Семенов-Тянь-Шанский (1827-1914жж.) эле. Ал 1856—1857-жж. бул аймактын орографиялык схемасын түзгөн. Өзүнүн илимий саякатынын натыйжасында ал европалык окумуштуулардын Ысык-Көлдөн дарыя агып чыгат жана Теңир-Тоо вулкандардан жаралган деген жаңылыштыктарын оңдоп, илимий так маалыматтарды берген. Анын маалыматтары Тенир-Тоо системасын изилдөөдө олуттуу роль ойногон. Бул крайды изилдөө учүн ал кийинчерээк да бир нече илимий экспедицияларды уюштурууга демилгечи болгон.

Николай Михайлович Пржевальский (1839-1888-жж.) Борбордук Азияны 1870—1888-жж. комплекстүү иликтөөгө чоң салым кошкон. Бул аймакты изилдөө үчүн бешинчи жолу аттанып, келте оорусунан өлгөн. Сөөгү Каракол шаарынын жанына, Ысык-Көлдүн жээгине коюлуп, эстелик тургузулган. Каракол шаары 1889-1920 жана 1939-1991-жж. анын ысмы менен аталган.

Бул мезгилде окумуштуулар кыргыз элинин «Манас» эносун изилдөөгө да өзгөчө көңүл бурушкан. Алсак, белгилуү орус окумуштуусу В. В. Радлов, Ч. Ч. Валиханов кыргыз эпосу жөнүндөгү илимди негиздешкен. Алар өздөрүнүн алгачкы чыгармаларында «Манасты» жана анын тексттерин илимий талдоонун натыйжасында кыргыз фольклористикасынын биринчи барактарын ачышкан. 1856-ж. Ч. Валиханов тарабынан жазылып алынган «Көкөтөйдүн ашы» 1901-ж. «Жуңгария очерктери» деген эмгегинде биринчи жолу орус тилинде басылып чыккан. «Манастын» эпизодун В. В. Радлов 1862-ж. бугу уруусунан чыккан манасчыдан, андан кийин 1864-1869-жж. сарыбагыш уруусундагы манасчыдан «Манастын» үч бөлүмүн тең жазып алган. Ал тарабынан жазылып алынган жалпы көлөмү 14 миң саптан турган «Манастын» үзүндүлөрү орус транскрипциясы менен кыргыз тилинде Санкт-Петербургда, немец тилинде Лейп-цигде 1885-ж. чыккан. Бул кыргыз маданиятынын тарыхындагы чоң окуя эле.

Кыргыздар жөнүндөгү этнографиялык маалыматтар, «Манас» жөнүндөгү билдирүүлөр орус жана Европа басмаларында 1861-1917-жж. басылып чыккан. Алар академик В. В. Бартольддун, венгр изилдөөчүсү Г. Алмашинин, орус саякатчысы П. П. Семенов-Тянь-Шанскийдин эмгектери болгон. Орус окумуштуусу П. М. Мелиоранский эпостун тарыхый катмарларына көңүл бурган. Ф. Е. Корш болсо чыгарманын поэтикасы жана анын жанрдык өзгөчөлүктөрү жөнундө өзүнүн көз карашын айткан. 1903-ж. орус географиялык коому тарабынан уюштурулган илимий комплекстүү экспедиция менен кыргыз жергесине сүрөтчү Б. В. Смирнов келген. Ал Чүй боорундагы кыякчы жана жомокчу Кенже Карага жолугат. Анын айтуусунда «Семетейден» үзүндү жазып, аны 1914-ж. кара сөз түрүндө орусча которуп, «Түркстандын талааларында» аттуу китебине чыгарат. Смирнов Кенже Каранын үнүн фоножазууга да жазып алган. Кыргыз элинин турмушун чагылдырган сүрөттөрдү тарткан.

Кыргыз тарыхын иликтөөдө В. В. Бартольд, Н. А. Аристов, С. Е. Малов ж. б. көөнөргүс салымдарды кошушкан. Россиялык Н. А. Северцев, А. В. Каульбарс, А. П. Федченко, И. В. Мушкетов, немецтер М. Фридрихсен, М. Керцбахер, француз Г. Капю, америкалык В. Дэвис, Э. Хантингтон ж. б. изилдөөчүлөр Кыргызстандын илимий иликтенишине өз салымдарын кошушкан. Демек, Россиянын курамына кирген сон Кыргызстанды ар тараптан илимий негизде изилдөө иштери башталган.

Ошентип, Россиянын курамына киргенден кийин кыргыз эли орус эли жана Россияда жашаган башка элдер аркылуу европалык маданияттын алдыңкы жетишкендиктери менен таанышууга мүмкүндүк алган. Кыргызстанда улуттук жазуу жаңы деңгээлде өркүндөй баштаган. Колониячыл бийликтердин бир катар шовинисттик саясатына карабастан кыргыз элинин агартуу ишине көңүл бурулган. Диний жана илимий негиздеги мектептер, маданий-агартуу мекемелери иштей баштаган. Кыргыз тилинде алгачкы эмгектер, окуу китептери басылып чыккан.

Кыргызстандын коомун, табигатын, кен байлыктарын, тарыхын, маданиятын илимий негизде ар тараптуу изилдөө иши да XIX к. экинчи жарымы XX к. башында башталган. Россиялык илимий мекемелердин экспедицияларынын натыйжасында көптөгөн орус окумуштуулары Кыргызстандын географиясын, тарыхын, этнографиясын, фольклорун ж. б. комплекстүү изилдөө иштерине көөнөргүс салым кошушкан. Бул Кыргызстандын Россияга каратылышынын прогрессивдүү жагы эле.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор