КЫРГЫЗСТАН АГРАРДЫК-ЭМГЕК ПАРТИЯСЫ

КЫРГЫЗСТАН АГРАРДЫК-ЭМГЕК ПАРТИЯСЫ Кыргыз Республикасындагы саясий партиялардын бири.  Мамлекеттик каттооодон 1994-ж. 10-октябрда өткөн. ПАртиянын максаты өнөр жайды эң оор кризистен чыгарууга  көмөктөшүү жана айыл инфраструктурасын биротоло сактап калуу, 1994-ж 22-октябрда болуп өткөн баштапкы  деңгээлдеги жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоолордогу бул партиянын ишмердиги жөнүндө маалыматтар  жок. 1995-ж. 5-февралда болгон Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого К. а. э. п. өз талапкерлерин көрсөтүп,  шайлоочулардын арасында партиянын Программасын пропогандалоо багытында бир топ иштерди жүргүзүүшкөн.  Партиянын Борбордук Кеңешинин төрагасы Ү. С. Сыдыков Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп  шайланган.