КЫРГЫЗСТАН АЯЛДАРЫНЫН ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫ

КЫРГЫЗСТАН АЯЛДАРЫНЫН ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫ – саясий партия. Мамлекеттик каттооодон  1994-ж. 10-октябрда өткөн. Негизги максаттары жана милдеттери: Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий  турмушунда аялдардын катышуусун активдештирүү, коомду жана мамлекетти башкаруу ишине аялдарды кеңири тартуу,  чечимдерди кабыл алуунун бардык деңгээлдериндеги бийликтин шайланма органдарында аялдардын өкүлдөрүнүн санын  көбөйтүү. Аялдар партиясы жаңы түзүлгөнүнө карабастан баштапкы деңгээлдеги жергиликтүү кеңештерге депутаттарды  шайлоого (1994-ж. 22-октябры) жигердүү катышканга үлгүрдү. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди  көрсөтүп, К. а. д. к. Жогорку Кеңешинин төрайымы Т. А. Шайлиева Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына депутат  болуп шайланды.