КЫРГЫЗСТАН БИЗДИН ЗАМАНДЫН XI—XII КЫЛЫМДАРЫНДАГЫ КАРАХАНДАР ДООРУНДА        

X кылымдын акырында Кыргызстандын аймагында өзүнүн бийлигин бүт Орто Азияга тараткан жаңы династия пайда болот. Карахандардын саясый тарыхы ушул кезге чейин толук маалым эмес. Алсак, мисалы, династиянын хандарынын башкарган мезгилдеринин толук даталары жок. Ушул күнгө чейин карахандар династиясы кайсы уруудан чыкканы да белгисиз. Сыягы, карахандар династиясын ягма уруусунун башчысы негиздесе керек. Карахандар династиясын тогуз-огуз-уйгурлар негиздеген деген эски гипотезаны азыр эч ким деле колдобой калды, бирок, алардын карахандарга олуттуу таасир тийгизгенинде шек жок.

Рефератты көчүрүү