КЫРГЫЗСТАН ВОЛЮНТАРИСТТИК РЕФОРМАЛАР МЕЗГИЛИНДЕ (1953-1964 жж.)

Кыргызстандын тарыхында, бүткүл өлкө сыяктуу эле 50-жж. өзгөчө орунду ээлейт. Анткени 1953-ж. мартта И. Б. Сталиндин дүйнөдөн өтүшү менен «сталиндик социалисттик өнүгүү доору» аяктаган. Ал өлгөндөн кийин ал негиздеп, башында турган тоталитардык система бир аз жумшартыла баштаган. Социалисттик демократияны өнүктүрүү үчүн аракет байкалган.

1953-ж. сентябрда Н. С. Хрущев КПСС БКнын биринчи секретарлыгына шайланып, өлкөдө Сталиндин керт башына сыйынуунун кесепеттерин жоюу, коомдун экономикалык, саясий жана маданий чөйрөлөрүн реформалоо иши башталган.

Кыргызстанда партиялык башкаруунун демократиялык принциптерин ишке ашырууда 1950—1961-жж. Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетин жетектеген Исхак Раззаков чоң салым кошкон. Ал Кыргызстан Компартиясын жетектеген биринчи кыргыз болгон.

1924-1961-жж. Кыргызстан Коммунистик партиясын жетектеген биринчи секретарлар:

1) М. Д. Каменский (1924-1925);    6) М. Л. Белоцкий (1933-1937);

2) Н. А. Узюкое (1925-1927);         7) М. К. Аммосов (1937-193в);

3) В. П. Шубриков (1927-1929);      8) А. В. Вагов (1938-1945);

4) М. М. Кульков (1929-1930);        9) Н. С. Боголюбов (1945-1950);

5) А. О. Шахрай (1930-1933);        10) И. Р. Раззаков (1950-1961).

И. Раззаков союздук директиваларга таянып Кыргызстандын өз алдынчалыгын өнүктүрүү, экономикалык жана саясий чөйрөдөгү укуктарынын кеңейиши үчүн көп иштерди аткарган. Натыйжада республиканын аймагындагы 225 өнөр жай ишканалары, жогорку, атайын орто жана кесиптик-техникалык окуу жайлары жалпы союздук башкаруудан республикалык башкарууга өткөн. Мындан тышкары республикада жергиликтүү башкаруу органдарынын сот бийлигинин көзөмөлдөөдөчү укуктары да бир кыйла кеңейтилген.

Кыргызстанда автомобиль транспорт жана шоссе жолдор, совхоздор, суу чарба, эт жана сүт продукцияларынын министрликтери түзүлгөн. Кыргызстандын өз алдынчалыгынын өсүшүнө СССР Министрлер Советинин 19бб-ж. 4-майдагы «Союздук республикалардын чарбаларын мамлекеттик пландоонун жана финансылоонун тартибин өзгөртуу жөнундөгү» токтому чоң өбөлгө болгон. Буга ылайык Кыргыз ССРиния Министрлер Совети өнөр жайдын продукцияларын өндүрүүнү өз алдынча пландаштырып бөлүштүрүү укугуна ээ болгон. Мындан тышкары республиканын бюджет боюнча укуктары да кенейтилген.

СССР Жогорку Советинин 1957-ж. 11-февралдагы Мыйзамына ылайык союздук республикалардын мыйзам чыгаруу укуктары кеңейген. Натыйжада актуалдуу маселелерди тезирээк чечүү мүмкүндүгү пайда болгон. Ушул эле жылы августта СССР Министрлер Советинин токтому боюнча Союздук республикалардын өкмөтүнө экономиканы жана маданиятты башкарууда жаңы кошумча укуктар берилген. Ошону менен бирге республиканын ичиндеги жергиликтүү башкаруу органдарынын укуктары да бир кыйла кенейтилген.

50-жж. жүргүзүлгөн реформалар Кыргызстандын экономикасына оң таасирин тийгизген. 1951—1955-жж. Республикаыын эл чарбасын өнүктүрүүгө 3,6 млрд сом капиталдык салымдар жумшалган. Бешинчи беш жылдыкта Кыргызстандын оор өнөр жайында тоо кен, металл иштетүүчү, энергетика өндүрүү, женил жана тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү милдеттери белгиленген. Натыйжада 48 жаңы өнөр жай ишканалары ишке киргизилген.

Алтынчы беш жылдык (1956-1960-жж.) план боюнча да Кыргызстанда ири өнөр жай ишканаларын куруу пландалган. Республиканын эл чарбасына 7 млрд сом капиталдык салым бөлүнгөн. Республиканын өнөр жайына жана курулушуна жетекчиликти жакшыртуу үчүн 1957-ж. июнда Кыргыз ССРинин Эл чарба Совети түзүлгөн. Анын карамагына республиканын өнөр жай продукцияларынын 74 пайызын өндүргөн 225 ишкана өткөрүлгөн. Башкаруунун бул ыкмасы республиканын ичинде тармактар аралык адистештирүүнү жана кооперативдештирүүнү жакшырткан. Бирок союздун ар түрдүү экономикалык региондору менен ишканалардын өндүрүштүк байланыштарынып өнүгүшүнө тоскоолдук кылган. Ушуга байланыштуу 1965-ж. Эл Чарба Совети жоюлуп, министрликтер түзүлгөн. Өнөр жайы кайрадан тармактык башкарууга өткөрүлгөн.

50-жж. экинчи жарымында Аламүдүн каскадынын электрстанцияларынын бешинчи жана алтынчы кезектери ишке киришкен. Фрунаеде Жылуулук алектр станциясы, «Октябрдын 40 жылдыгы» атындагы тигүү фабрикасы, Физикалык приборлор заводу, Нарында нан заводу, Көк-Жаңгакта «Сары-Булак» көмүр шахтасы, Орто-Токой, Наманган, Базар-Коргон, Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтары ж. б. эксплуатацияга берилген. 50-жж. Кыргызстанда бардыгы болуп 59 өнөр жай ишканалары, 46 цехтер жана бөлүмдөр ишке киргизилген.

Кыргызстандын өнөр жайы товардын өзүнө турган наркын төмөндөтүү боюнча планын да биринчи болуп ушул мезгилде аткарууга жетишкен. Кыргызстандын өнөр жайынын продукциялары дүйнөнүн 30 мамлекетине экспорттоло баштаган.

50-жж. Кыргызстандын айыл чарбасынын өнүгүшүнө да чоң көңүл бурулган. 1950-1955-жж. эгинди 33, кант кызылчасын 20, пахтаны 64 пайызга көп өндуруү, ири мүйүздүү малдын башын 18-20 пайызга көбөйтүү каралган.

1952-ж. апрелде СССР Министрлер Совети «Мал чарбасын өстүрүудө Кыргыз ССРине жардам беруу чаралары жөнундө» жана «Кыргыз ССРинин айыл чарбасына жардам берүү чаралары жөнундө» токтомдорду кабыл алган. Бул токтомдордо Кыргызстандын айыл чарбасын көтөрүү боюнча конкреттүү иштер белгнленген. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын айыл чарбасы жаңы техникаларды көп алган. 13 жаңы машина трактор станциялары (МТС) уюштурулгаи. 1953-ж. Республикада 80 МТС жана бир машина — мал чарба станциясы болгон. Талааларда 1,5 мин тракторлор, комбайндар иштеген.

50-жж. башында колхоздорду ирилештирүү саясаты жүргүзүлгөн. Натыйжада 1951-1953-жж. колхоздордун саны 1620дан 725ке кыскарган.

Өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын айыл чарбасынын өнүгүшүнө КПСС БКнын сентябрь (1953-ж.) Пленуму мааиилүү роль ойногон. Анын чечимдерине ылайык айыл чарба продукцияларынын мамлекеттик сатып алуу баасы жогорулатылган. Эттин баасы 5,5 эсеге, сүт менен майдыкы эки эсеге, дан эгиндеринин баасы 50 пайызга көбөйгөн. Колхоздор мамлекетке болгон карыздарынан бошотулган. Айыл чарба салыгынын өлчөмү азайтылган. Мындан тышкары колхозчулардын өздүк көмөкчү чарбаларын чектөө, андан алынган продукцияларды мамлекетке милдеттүү түрдө төктүрүү эрежелери алынып ташталган. Эми колхозчулар өздүк көмөкчү чарбаларынан алган продукцияларын базарда эркин сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Кыргызстандын айыл чарбасындагы жетишкендиктер СССРдин өкмөтү тарабынан жогору бааланып, Кыргыз ССРи 1957-ж. Ленин ордени менен сыйланган.

Республиканын айыл чарбасынын алдынкы 52 эмгекчисине Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам ыйгарылган. 2986 адам СССРдин орден жана медалдары менен сыйланышкан. Алардын ичинде 3. Кайназарова, X. Таширов, экинчи жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры болушкан.

1958-ж. КПСС БКнын чечимине ылайык буга чейин колхоздорду тейлеп келген МТСтер ремонттук-техникалык станциялар (РТС) болуп кайра түзүлүп, анын техникалары колхоздорго берилген. Ушул эле жылы экономикалык абалы начар 122 колхоздун, 6 МТСтин базасында 39 совхоз уюштурулган. Ушундан кийин республикада экономикасы төмөндөп кеткен колхоздорду совхоздорго айландыруу саясаты улантылган.

Жетишилген ийгиликтерге карабастан 60-жж. башында Кыргызстандын айыл чарбасы жалпы экономикалык өсүштөн артта калган.

50-жж. жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында башкаруунун борбордоштуруу жана демократиялаштыруу принциптерин айкалыштыруу аракети жасалган. Бул кайра куруулардын натыйжасында борбордук бийлик начарлабастан, бир аз ийкемдүү болуп калган. Социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөнү башкарууда союздук республикалардын укуктары бир кыйла кеңейтилген. Бирок административдик-буйрукчул системанын шарттарында борбордук бийлик менен Республикалык бийлик органдарынын ортосунда карама-каршылыктар пайда боло баштаган. 1959-ж. КПСС БКнын Пленумунда Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Латвиянын жетекчиликтери өз укуктарынан одоно пайдалангандыктары жалпы мамлекеттик кызыкчылыктарга келтирген залалдары, жердешчилдиктери үчүн катуу сынга алынып айыпталган. 1961-ж. майда Кыргызстандын партиялык жана мамлекеттик жетекчилери И. Раззаков менен Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы К. Дыйкамбаев республиканын өз алдынчалыгын кеңейтүүдөгү активдүү аракеттери үчүн кызматтарынан бошотулган.

1963-ж. Орто Азиянын Эл Чарба Совети түзүлгөн. Ага бул аймактын зкономикасына жетекчилик кылуу милдети жүктөлгөн. Эл Чарба Советинин түзүлүшү менен улуттук республикалардын 50-жж. реформалар учурунда алган укуктары жокко чыгарылган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор