КЫРГЫЗСТАН КОММУНИСТТЕРИНИН ПАРТИЯСЫ

КЫРГЫЗСТАН КОММУНИСТТЕРИНИН ПАРТИЯСЫ К. К. П. Кыргызстан-дагы саясий партиялардын бири.  Уюштуруу конференциясы 1992-ж. 20-июнда болгон. Мамлекеттик каттооодон 1992-ж. 17-сентябрда өткөн. ККПнын  негизги максаттары: социалдык-экономикалык өнүгүү багытында социалисттик түзүлүштү жактайт жана жалпы  адамзаттык баалуулуктардын артыкчылыгын тааныйт. Рынок экономникасына өтүү, партиянын Программасында  көрсөтүлгөндөй акырындык менен жүрүүгө тийиш, менчиктештирүү учурунда эмгекчилерди тоноону, спекуляцияны ж.  б. кылмыштарды токтотуу зарыл. Саясат жана идеология багытында Кыргызстанда укуктук мамлекетти курууну, көз  карандысыздыкты жана суверенитетти камсыз кылууну көздөйт. Өзүн парламенттик типтеги партия деп эсептейт.  Республиканын бардык областтарында жана Бишкек, Ош, Каракөл, Карабалта, Балыкчы, Талас, Ташкөмүр, Кант  шаарларында ККПнын баштапкы уюмдары бар. 1993-ж. мартта партиянын I съезди болуп, Программага жана Уставга  өзгөртүүлөр жөнүндөгү маселени караган. 1994-ж. июнда К. К. П. БАКтын пленуму болуп, өз өтүнүчү боюнча бошоп  кеткен Ж. А. Аманбаевдин ордуна Ш. М. Сыдыковду Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы кылып шайлашкан.  1995-ж. 5-февралдагы Жогорку Кеңешке депуттатарды шайлоодо ККПдан 17 талапкер көрсөтүлүп, экөө: А. М. Масалиев  жана Ш. М. Сыдыковдор депутат болуп шайланышкан.

Россиянын жана КМШга кирген башка өлкө-лөрдүн  коммунисттик партиялары менен ККПнын тыгыз байланышы бар.