КЫРГЫЗСТАН УСУН УРУУЛАР СОЮЗУ ТҮЗҮЛГӨНГӨ ЧЕЙИН        

Кыргызстандын аймагындагы байыркы доорлорду археологиялык жактан изилдеп-үйрөнүүнүн начардыгы анын эң байыркы мезгилдерден биздин заманга чейинки тарыхын ырааттуу түрдө чагылдырууга мүмкүндүк бербей отурат. Илимде ушул күнгө чейин Кыргызстандын аймагындагы таш доору боюнча маалыматтар жок. Бирок мындай табылгалардын жоктугу Тянь-Шанда эң эле байыркы доордо, а мүмкүн орто палеолит доорунда калк жашаган деп божомолдоону жокко чыгарбайт. Мунун далили катарында Кыргызстандын аймагына канатташ аймактарда байыркы таш доорунун эстеликтери таралганын көрсөтүүгө болот.

Рефератты көчүрүү