КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ РЕСПУБЛИКАСЫ. КЫРГЫЗ ССРин ЖАРЫЯЛОО

Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын уюштуруу съездинде эле (1925-ж. марты) ага катышкан делегаттар союздук өкмөткө Кара-Кыргыз Автономиялуу областын Кыргыз автономиялуу областы деп кайра атоо сунушу менен кайрылган. Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин 1925-ж. 25-майдагы чечими менен област Кыргыз Автономиялуу областы болуп аталган.

Ушул эле уюштуруу съездинде делегаттар автономиялуу областты Кыргыз Автономиялуу Республикасына айландыруу өтүнучү менен да кайрылышкан болчу.

Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитети 1926-ж. 1-февралда Кыргыз областынын территориясынын кеңдигин, чет мамлекет менен чектешкенин, экономикасынын, маданиятынын жана тилинин маанисин эске алып, Кыргыз автономия областын Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикага айлантуу жөнүндө чечим кабыл алган. Ошентип Кыргызстан РСФСРдин курамында өзүнүн мамлекеттүүлүгүнүн жаңы этабын баштаган. Бул окуя 1927-ж. 7-12-марттаөткөн Кыргыз АССРинин Советтеринин I съездинде мыйзамдаштырылган.

Кыргыз АССРинин түзүлүшү республикада жана анын чет жакаларында өзгөчө бааланган. Съезддин делегаттарынын алдында Борбордон келген партиялык жана советтик кызматкерлер сөз сүйлөшүп, СССРдин туш тарабынан куттуктоо телеграммалары келген.

Съезд Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүн официалдуу түрдө жарыялаган. Бул жөнүндөгү Декларацияда Кыргыз элинин өз тагдырын өзу чечүү укугу аныкталып, Кыргызстанда жашаган элдердин өз ара ынтымакташтыгынын негизги принциптери жарыяланган. Мындан тышкары Декларацияда Кыргызстандын өкмөтүнүн айыл чарбасын, өнөр жайын, калктын саясий жана маданий денгээлин көтөрүү боюнча практикалык ишмердиги аныкталган.

1927 ж. 12-мартында Кыргыз АССРинин БАКтын Президиумуна 17 адам шайланган. Президиумдун төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков шайланат. Сессияда Кыргызстандын өкмөтү Эл Комиссарлар Советин түзүп, Жусуп Абдрахманов анын төрагасы болуп дайындалган. Эл Комиссарлар Советине жер, финансы, эл агартуу, эмгек, жумушчу-дыйкан инспекциясы боюнча эл комиссарлары кирген. Республикада мамлекеттик саясий жана статистика башкармалыктары түзүлгөн.

Кыргыз АССРи түзүлгөндөн кийин Республикада анын Конституциясын иштеп чыгуу боюнча чоң иш чаралар жүргүзүлгөн. Жергиликтүү Советтерге кезектеги шайлоолор өткөндөн кийин 1929-ж. 25-30-апрелде Кыргыз АССРинин Советтеринин II съезди болуп өткөн. Ага 220 делегат катышып, республиканын өкмөтүнүн отчетун уккандан кийин Кыргыз АССРинин Конституциясын кеңири талкуулаган жана кабыл алган. Бул Конституция 7 бөлүмдөн, 16 главадан жана 97 статьядан турган.

Конституция республиканын жаңы мамлекеттик жана коомдук түзүлүшүн бекиткен. Ошентип, Кыргыз АССРи мамлекеттик бардык саясий укуктарына ээ болгон. Кыргызстанда жашаган бардык элдердин тек укуктуулугу жарыяланып, алар өз тилинде билим алуу укугуна ээ болушкан. Кыргыз АССРинде мамлекеттик тил катары кыргыз жана орус тилдери эсептелген. Мамлекеттик кызматкерлер бул эки тилди тең билүүлөрү милдеттуу болгон. Натыйжада кыргыз тилинин ролу жогорулап, анын өсүшү үчүн ынгайлуу шарттар түзүлгөн.

Совет бийлигинин учурундагы социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр СССРдин, союздук жана автономиялуу республикаларынын Конституцияларында чагылдырылышы керек эле. СССРдин 1924-ж. кабыл алынган биринчи Конституциясы, ошондой эле Кыргыз АССРинин 1929-ж. Конституциясы эскирип, тарыхый жаңы мезгилге туура келбей калган.

Өлкөдөгү көптөгөн даярдыктардан кийин 1936-ж. 5-декабрда СССРдин Советтеринин VIII өзгөчө съездинде өлкөнүн экинчи Конституциясы кабыл алынган. Ушул күндөн тарта Кыргыз АССРи Кыргыз ССРине айланып, СССРдин курамына теңукуктуу союздук республика катары кирген. Бул окуя кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы чоң жетишкендик болгон. Кыргыз элинин эгемендүү эркинин бул жемиши республиканын буга чейиики тарыхый өнүгүүсү менен шартталган. Анткени Кыргызстандын өкмөтү Кыргызстанга союздук статус берүү жөнүндө СССРдин өкмөтүнө такай кайрылып келген. Кыргыз ССРинии түзүлүшү үчүн Кыргыз АССР БАКтын председатели А. Орозбеков, Кыргыз АССР ЭКСтин председатели Ю. Абдрахманов, Б. Исакеев ж. б. чоң эмгек сиңиришкен.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор