КЫРГЫЗ ЖАЗУУЛАРЫ

Байыркы мезгилде кыргыздардын байыркы түрк руна (Орхон-Енисей) жазуусунун кыргыз вариантында жазылган адабияты болгону кеңири белгилүү эместир. Сөз Минусин ойдуңунда, Тува Республикасында, Абакан, Уйбат, Юса ж.б. дарыялардын бойлорунда табылган кыргыз ак сөөктөрүнүн бейиттериндеги көп сандаган эстелик жазуулар жөнүндө болуп жатат. Бул эстеликтеги жазуулардын котормосун биринчи жолу В. Радлов басып чыгарган, кийинки басылмалар С. Маловго таандык. «Вестник древней истории» басылмасында жарыяланган С.Киселевдин котормосу анчалык жеткилең чыккан эмес. Бул эстелик жазууларды басып чыгаргандарда жана Чыгыш тарыхчыларынын эң ириси акад. В. В. Бартольддо бул эскерилген тексттердин кыргыздарга таандык экени жөнүндө күмөн болгон эмес.

Рефератты көчүрүү