КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КОКОН ХАНДЫГЫНЫН ЭЗҮҮСҮНӨ КАРШЫ КҮРӨШҮ

Кокондуктардын жылдан жылга көбөйгөн өлчөөсүз салыгы, залимдиги элет элинин жанына батып кыжырын кайнатты. Кокон хандыгынын үстөмдүгүнө каршы кыргыз элинин боштондук күрөшү XIX к. 30-40-жж. күч алган. Ал жылдарда кокондук баскынчыларга каршы Нарындын төрүн жердеген саяк уруусу катуу каршылык көрсөткөн. Анткени саяктар буга чейин Чыгыш Түркстандагы цинь-манчжур бийлигине каршы кыймылга, Жангер Кожонун Кашкарга жасаган жортуулуна такай катышып, аскердик уюмдашуу жана курал-жарак топтоо жагынан кыйла такшалып калышкан.

XIX к. 20-ж. Жаңгер Кожонун кытайларга каршы көтөрүлүшү жеңилип, ал баш калкалоо үчүн Ак-Талаадагы Тайлактын айылына келет. Анын артынан Кытайдын генералы Баян-Бату баштаган жазалоочулар жөнөтүлөт. 400 адамдан турган кытай аскерлери Тайлактын жоктугунан пайдаланып, Ак-Чийдеги айылын кырып, мал-мүлкүн талап кетишет. Окуяны уккан Тайлак баатыр өзүнүн чакан жигиттери менен баскынчыларды Орто-Сырттын Ойнок-Жар деген капчыгайынаи кууп жетип, кытай аскерлерин генералын баш кылып толук кыргынга учураткан. Ал кезде Тайлак баатыр 26 гана жашта болгон.

Ушундай салгылаштарда такшалган Тайлак агасы Атантай менен Кокон хандыгынын баскынчылык саясатына каршы элдик көтөрүлүштү жетектейт. Көтөрүлүшкө Ак-Талаа, Тогуз-Торо, Нарын, Ат-Башыдагы кыргыздар актнвдүү катышкан. Элднк кыймылдын бгшгталышына кокондуктардын 1831-ж. жортуул учурундагы аёосуз талал-тоноолору, адам чыдагыс зөөкүрчүлүктөрү, көрсөткөн кордуктары себеп болгон.

1831-ж. Хаккула баштаган 7 миң кокондук жоокерлер Ак-Талаадагы саяк уруусун кыйратып, Атантай менен Тайлакты туткунга алган. Туткундан бошогондон кийин алар тез арада кол топтоп, Куртка сепилине кол салган. Салгылашта кыргыздар жоону жеңип чыгып, чептеги зынданда зарыгып жаткан туткундарды бошотушкан. Эл кокондук төрөлөр тартып алган малына кайра ээ болуп, салык төлөөдөн бошотулат. Көтөрү-лүштү басуу үчүн Ак-Талаага Арап баатыр баштаган 500 жоокерди жөнөтүшкөн. Тогуз-Тородогу Бычан деген жайыкта Тайлактын жигиттери Араптын колунун жолун тороп, эки тарап беттешкен. Ошол салгылашта душман оор жоготууга учурап, 400 аскеринен айрылган. Кыргынга кабылып, талкаланган жоо тополоңго түшүп чегинүүгө аргасыз болду. Айласы түгөнүп, бир аз сарбазы менен качып жөнөгөн колбашчы Арапты Тайлак баатыр кууп жетип, жекеме-жеке эрөөлгө чыгып, найза менен сайып өлтүргөн. Кийин ошол жер «Араптын бели» деп аталып калган. Тайлак баатыр узак жылдар бою Кокон хандыгына баш бербей жоонун кийинки жортуулдарынын мизин кайтарып турду. Тайлак баатырды табып кейпин кийген кокондук тыңчы тарабынан 42 жашында (1838-ж.) ууландырып өлтүргөн.

XIX к. 40-жж. кыргыздардын көз каранды эместик үчүи кыймылы күч алып, кеңири аймакты кучагына алган. 1843-ж. Ысык-Көл өрөөнүндөгү кыргыздар көтөрүлүш баштап, Каракол, Барскоон, Коңур-Өлөң чептеринен кокондук сарбаздарды кууп чыгышкан. Нарын жана Ысык-Көл аймагында Табылды баатыр жетектеген элдик кыймыл эки жылга созулуп, кокондук төрөлөрдү көптөгөн жоготууларга дуушар кылган. Черик уруусунан чыккан Турдуке баш болгон Ат-Башылык кыргыздар Кокон бегине салык төлөөдөн баш тарткан.

 

Кыргыздарды тынчытууга кудурети жетпесин түшүнгөн Куртка беги Мамыразык эки жыл бою Анжиян бегинен кошумча сарбаз сурап турган. Ал эми 1845-ж. алайлык кыргыздар жана Ош аймагындагы Ферганалык кыргыздар хан бийлигине каршы күрөшкө көтөрүлүп, ордонун коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурган. Ошондуктан Ошко Мусулманкул колбашчылык кылган көп аскер шашылыш жөнөтүлгөн болчу. Кыргыздар жоонун жолун тороп, катуу каршылык көрсөткөн. Бирок курал-жарак жагынан кыйла артыкчылык кылган, баскынчылык жортуулдарда такшалган кокондуктардын жер жайнаган колунун кысымына, чабуулуна туруштук берүү мүмкүн эмес эле. Мусулманкул көтөрүлүштү күч менен баскандан кийин Ошто туруп калат да, көтөрүлүшкө чыккан кыргыздарды аёосуз жазалайт.

XIX к. биринчи жарымында кыргыз элинин Кокон хандыгьша каршы күрөшүнүн тарыхый мааниси чоң. Элдик кыймылдын күч алышынын натыйжасында баскынчылар жергиликтүү элдин катуу каршылык көрсөтүүсүнө кабылышып, көп аскеринен айрылды, чыгашасы арбып, биЙлиги бошоңдоду. Кыргыз элинин боштондук күрөшү Кокон хандыгын кыйла алсыратты. Кыргызстанда кокондук бектер жана сарбаздар туруктуу, бекем бийлигин орното алышкан жок. Кыргыз элинин көз каранды эместикке, өз алдынча болууга умтулуусу ого бетер күчөдү. Кыргызстандын ар кайсы аймактарын мекендеген айрым кыргыз уруулары саясий жактан биригүүнүн зарылчылыгын түшүнө баштады.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор