КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ЧАРБАЛЫК УКЛАДЫ

Кыргызстандын территориясынан табылган археологиялык көп сандаган эстеликтер бул жерде байыркы мезгилде эле бай жана ар тараптан өнүккөн маданият болгондугун айгинелеп турат, ал маданият Орто Азия кош өзөнүнүн аймагында, ага канаатташ жаткан тоо-талаа жерлеринде жашашкан уруулардын жана элдердин маданияты менен тамырлаш. Байыркы мезгилде жана орто кылымдарда Тянь-Шанды жана Памир-Алайды мекендеген уруулардын урпактары тигил же бул даражада кыргыз элинин курамына кирген, ушундан улам бул территорияларда мурда жашап өтүшкөн элдин чарбачылык турмуш, тиричилик жана маданият салттары менен азыркы кыргыз калкынын бул жагынан белгилүү бир улантуучулугу бар экендиги жөнүндө кеп кылууга болот.

 

Рефератты көчүрүү