КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА АСКЕРДИК МАМИЛЕЛЕРИ          

Азыркы, айрыкча советтик тарых илими тарыхый процесстерди чектелүү түрдө кароодон баш тартты. Маркстик-лениндик историография (тарыхграфия) чоң маселелердин туура чечилиши аларды эл аралык масштабда кеңири кароого байланыштуу болорун көрсөттү. Бул тезис Батыш тарыхы үчүн кандай туура болсо, Чыгыш элдеринин тарыхы үчүн да ошондой эле туура, анткени байыркы айрым мезгилдерде Батыш менен Чыгыштын мындай байланыштары бир канча жолу кыйын-кыстоо мамилелерди башынан кечирген. Ырасында да, б.з. IV—V к. болуп өткөн Чыгыш менен Батыштын кул ээлөөчүлүк системасынын кризиси, б.а. Кытайдагы Хан жана Цзин династияларынын, сасанилер Иранынын, Жер ортолук деңиз бойлорундагы антик кул ээлөөчүлүк системанын кризиси Элдердин улуу көчү деген аталышта белгилүү болгон көчмөн уруулардын кыймылы менен бир катар жүргөн.

Рефератты көчүрүү